Депутат Айтмамат Назаров "Улуттук энергетикалык холдингдин" жетекчиси болуп дайындалганын айтты

Бүгүн, 23-майда Жогорку Кеңеште депутат Айтмамат Назаров "Улуттук энергетикалык холдингдин" жетекчиси болуп дайындалганын айтты.

"Кечээ менин макулдугум, өкмөт башчынын жактыруусу менен "Улуттук энергетикалык холдинг" ишканасынын башчысы болуп дайындалдым. Мен үчүн бул чоң жоопкерчилик, түйшүк. Аталган ишкананын иши акыркы учурларда сындалып, аны жоюп салып, министрлик түзүү боюнча сунуштар айтылды. Бул энергетика тармагында реформалар жүрбөй жатканынан кабар берет", - деди ал.

Назаров бүгүнкү күндөн баштап депутаттык мандатын тапшыра турганын айтты.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан