Кайрат Иманалиев маданият, маалымат жана туризм министринин орун басары болуп дайындалды

Кайрат Иманалиев Кыргыз Республикасынын маданият, маалымат жана туризм министринин орун басары болуп дайындалды. Тиешелүү буйрукка премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев кол койгонун өкмөттүк аппараттын маалымат кызматы бүгүн, 15-январда кабарлады.

Маалыматта айтылгандай, Маданият, маалымат жана туризм министрлигиндеги жаңы орун басар маданият тармагын тейлейт.

Өмүр баяны:

Кайрат Иманалиев Ысык-Көл районунун Темир айылында 1977-жылы 29-ноябрда туулган.

1994-жылы Каракол шаарындагы Ысык-Көл облустук Т.Сатылганов атындагы лицей-мектебин аяктаган.

1998-жылы Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз мамлекеттик улуттук университетинин журналистика факультетин;

2000-жылы аталган университеттин магистратура борборун артыкчылык диплому менен бүтүргөн.

1999-2004-жылдары Кыргыз улуттук телерадио корпорациясынын «Казына» адабий-драмалык башкы редакциясында баяндамачы;

2004-2007-жылдары башкы редактор, Махмуд Кашгари-Барскани атындагы Чыгыш университетинин доценти болгон. Өткөн жылдын май айында Иманалиев Коомдук телерадиокорпорациясынын башкы директорунун радио уктуруулар боюнча орун басары кызматын тапшырып берген болчу.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан