Бүгүн, 16-январда Чүй облусунун Курулуш башкармалыгынын дачалары (Дача-СУ) аймагына мындан эки жыл мурун кулаган учак кырсыгынан курман болгондор эскерилди. Ага биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов, кырсыктан каза болгондордун жакындары жана жергиликтүү тургундар катышты. Эскерүү иш-чарасында кырсыктан курман болгондор үчүн ачылган эстеликке гүл коюлуп, куран окутулду.
2017-жылдын 16-январында таңкы саат 7:31 чамасында түркиялык "АСТ Havayolları" компаниясынын Боинг-747 учагы Чүй облусунун Курулуш башкармалыгынын дачалары (Дача-СУ) аймагына кулаган. Кырсыктан 35 жергиликтүү тургун, 4 экипаж мүчөсү каза болгон жана бир канча турак үй кыйраган.
Кулаган учакта жалпы 85 тоннага жакын жүк болсо, анын ичиндеги 2 тонна зажигалка Казакстандагы "JTI Kazakhstan LLC" аттуу компаниянын буйрутмасы менен Бишкекке алынып келаткан. Жогорку Кеңештин ондон ашык депутаты кирген депутаттык комиссия жүк боюнча бардык документтерди карап чыгып, жүк Кыргыз мамлекетинин жарандарына таандык болбогонун аныктаган. Комиссия аягына чейин тергеп чыгуу үчүн Башкы прокуратурага тапшырма бергенин жарыялаган. Кырсык боюнча Башкы прокуратуранын, Ички иштер министрлигинин жана УКМКнын өкүлдөрүнөн турган тергөө тобу да түзүлүп, ишти тергеп башташкан. Бирок жыйынтыгын чыгара элек.
Ал эми Жарандык коргоо комиссиясы Дача-СУдагы келтирилген материалдык зыяндын өлчөмүн 195 миллион сомго барабар деп эсептеп чыккан. Каза болгондордун жакындары жана жапа чеккендерге жардам үчүн деп Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин атайын эсебине эл тарабынан 102 миллион 160 миң 180 сом 55 тыйын чогултулган. Андан кийин түрк компаниясы эки бөлүп акча которгон. Бирок анын суммасы ачыкталган эмес.