Футбол боюнча Кыргыз курама командасынын башкы машыктыруучусу Александр Крестинин Азия футбол конфедерациясына интервью берди. Крестинин маегинде январь айында өтүүчү Азия Кубогуна болгон даярдыктарды баяндап, кыргыз футбол сүйүүчүлөрү улуттук курама командадан кандай жыйынтык күтсө боло тургандыгы тууралуу кеп курду.
Башкы машыктыруучунун айтымында, Кыргыз өлкөсү аталган мелдешке биринчи жолу катышып жатканына карабай, тайпадан чыгуу үчүн болгон күчүн жумшайт. Ошондой эле мелдешке Кыргыз курамасы статистика үчүн эмес, күчтүү өлкөлөргө толук кандуу атаандаштык жаратуу үчүн катышат.
- 2019-жылдагы Азия Кубогуна Кыргыз курама командасы алгачкы жолу катышып жатат. Бул беделдүү мелдештен эмнени күтүп жатасыз?
- Биринчиден, бул мелдеш биз үчүн кызыктуу тажрыйба болот. Ошондой эле бул окуяны кыргыз күйөрмандары чыдамсыздык менен күтүшкөн. Биз мелдешке статистика үчүн эмес, башкаларга толук кандуу атаандаштык түзүү үчүн катышабыз. Биз тайпадан чыгуу үчүн күрөшөбүз. Дал ушул учурда биз эч нерсе жогото албайбыз, тескерисинче, жаңы нерсеге ээ болушубуз мүмкүн. Биздин оюнчулар үчүн да, курама үчүн да бул сыяктуу жогорку чендеги мелдештерге даярдануу жана катышуу баа жеткис тажрыйба боло алат.
- Силердин Азия Кубогуна катышууңар кыргыз футболу үчүн кандай мааниге ээ?
- Бул мелдешке катышуу укугун алуунун өзү маанилүү окуя болуп эсептелет. Кыргыз өлкөсүндө мамлекет тарабынан футболду колдоо деңгээли төмөн. Буга карабай федерация футболчулардын сапаттуу даярдык көрүүсү үчүн болгон мүмкүнчүлүктөрдү издөөдө. Азия Кубогунан алынган тажрыйба өлкөдөгү футболдун өнүгүшүнө түрткү болот. Бүтүндөй кыргыз эли командабыздын мелдеште көрсөткөн оюнун күзөтүп турат десем ашыкча болбойт. Андыктан, өлкөдө футболдун популярдуулугу артып турган учурду туура пайдаланып калуу маанилүү. Биринчи кезекте материалдык-техникалык базаны, инфраструктураны жакшыртууга, футбол академияларын жана клубдарды түзүүгө аракет кылышыбыз керек. Футбол - бул дени сак улутту тарбиялоо үчүн өнүктүрүү маанилүү болгон массалык спорттун бир түрү.
- Курама команданын катарында бир нече өлкөлөрдүн чемпионаттарында ойногон футболчулар чогулган. Бири-биринен таптакыр башкача лигаларда ойногон оюнчуларды бир командада ойнотуу канчалык деңгээлде кыйынчылык туудурат?
- Команданы башкаруу оңой эмес. Тактикалык маселелер же физикалык даярдык боюнча көйгөйлөр жок. Биз ар футболчунун оюндарын күзөтүү менен алардын канчалык деңгээлде даяр экенин түшүнөбүз. Өлкөнүн ичинде ойногон футболчуларга караганда чет жактарда ойногон оюнчулар бир топ жакшы шарттарда машыгууларын өткөрөрүн белгилеп кетүү керек. Мындай айырмачылык өлкө ичинде мелдештерге даярдануу учурунда көйгөйлөрдү жаратат. Бирок футболчулар менен өткөрүлгөн жеке маектер аркылуу өз ара түшүнүүгө келип, кыйынчылыктарды жеңебиз. Чет өлкөлөрдөн келген оюнчулар үчүн эч кандай өз алдынча шарттар жок. Бардык команда бирдей шартта машыгуу жүргүзөт.
- Сиздин командаңыз тайпалык баскычта Түштүк Корея, Кытай жана Филиппин курамалары менен беттешет. Кийинки этапка өтүү мүмкүнчүлүгү тууралуу эмнелерди айта аласыз?
- Ар бир машыктыруучу өзүнүн командасынын тайпадан чыгуу мүмкүнчүлүгү бар экенин айтат. Мен дагы ушул пикирдемин. Жыйынтыктарды алдын ала айтууга мүмкүн болбогондугу үчүн футболду сүйөбүз. Маанилүү беттештерге туура даярдануу менен баарын жасаса болот. Мындай чоң мелдештерде сенсациялар жана ачылыштар көп болорун жакшы билебиз. Жогорку деңгээлдеги атаандаштар менен болгон оюндарыбызды анализдеп көрүү менен тайпадан чыгууга талапкер боло ала тургандыгыбызды айта алам. Бүгүнкү күндө биздин тайпанын фавориттери катары Түштүк Корея менен Кытайды белгилеп кетсек болот. Бирок чоң мелдештерде ар дайым эле фавориттер жеңишке жетише бербейт.
- Мелдештеги алгачкы оюнду Кытайга каршы өткөрөсүңөр. Атаандаш тууралуу эмнелерди айта аласыз жана алгачкы беттешти жеңиш менен баштоо силер үчүн канчалык маанилүү?
- Алгач машыктыруучусунан баштайын - мыкты адис, дүйнө чемпиону. Кытай футболунда учурда абдан чоң жаңылыктар болуп жатат. Ири финансылык салымдар, абдан көп келип жаткан легионерлер. Жергиликтүү оюнчулар чет жерден келген футболчулар менен бирге ойноо аркылуу чоң тажрыйба топтоп жатышат. Бирок курама командасынын оюну тууралуу айта турган болсом, кытайлык клубдардагы маанилүү ролдорду легионерлер аткарып, жергиликтүүлөр экинчи орунда калып жатышат. Курама командада лидерлик ролду аркалоого алардын мүмкүнчүлүктөрү жетеби? Ушул чоң суроо. Ал эми биздин оюнчулар өз клубдарында лидерлик ролдордо. Бул маанилүү психологиялык абал кандай жыйынтык берерин мелдеште көрөбүз.
- Ноябрь айында өткөн Японияга каршы беттештен кандай сабак ала алдыңар?
- Бардык сырларды ачыкка чыгарбайм. Бирок Японияга каршы ойногон курам менен азыркы учурда Азия Кубогуна даярданып жаткан курамды салыштыруу менен өзгөрүүлөрдү байкай аласыңар. Биз Азиянын алдыңкы 12 командасына каршы ким кандай ойной ала турганын түшүндүк. Ошондой эле биз Япониянын "Кашима антлерс" клубу менен да беттеш өткөрдүк. Бул эки оюнду бирге карашыбыз керек. Эки оюндун жыйынтыгынан биз системдик мыйзам ченемдүүлүктөрдү аныктап, Азия Кубогунун финалдык баскычына кантип даярдануу керектигин аныктадык. Албетте, оюндардын жыйынтыктары канааттандырган жок, бирок биз үчүн бардык жагынан пайдалуу оюндар болду.
- Азия Кубогуна болгон даярдыктар сизди канааттандырабы? Команданы мелдешке даярдоо үчүн эмнелерди жасап жатасыз?
- Биздин мүмкүнчүлүктөрүбүзгө салыштырмалуу жакшы эле даярданып жатабыз. Айрым көйгөйлөрүбүз бар, бирок биз аларды алдын ала билгенбиз жана ал көйгөйлөргө даярбыз. Даярдык учурунда биринчи кезекте футболчулардын аң сезими маанилүү. Алардын кандай мелдешке катыша тургандыгын түшүнүүсү, машыгууларга болгон мамилеси жана албетте мүнөзүн көрсөтө билүүсү башкы орунда. Мелдеш жеңил эмес, андыктан ким өзүнүн болгон эмоциясын, мүмкүнчүлүктөрүн толугу менен пайдалана ала турганын далилдей алса, Азия Кубогуна катышуучулардын акыркы тизмесине кирет.
- Эгерде Кыргыз курамасы мелдештин жарым чейрек финалына чыга алса, мындай ийгилик кыргыз футболунун популярдуулугуна кандай таасир бере алат?
- Азия Кубогунун жарым чейрек финалына чыгуу кыргыз футболуна, албетте, оң таасирин тийгизет. Азыркы учурда биздин стадион жетишерлик деңгээлде толуп жатат. Футбол менен алектенгиси келгендер да көп. Бирок биздин көйгөй башка нерседе - футбол менен алектенүүчү жер жок. Машыктыруучулар аз жана материалдык-техникалык базалар боюнча маселелер толтура. Бул көйгөйлөр чечилмейинче канчалык зор ийгилик болбосун, кыска аралыкка гана таандык болуп калат.