Бүгүн, 18-январда "Супер-Инфо" гезитинин, SUPER.KG порталынын жана SUPER TV'нын журналисттери Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынын алдына "Ала-Тоо" аянтындагы митингде иштеп жаткан журналисттин кармалышы боюнча нааразычылык акциясына чыгышты.
Акциядан кийин жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрүн Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынын жетекчисинин орун басары Эрлан Атантаев кабыл алды. Атантаев журналисттин кармалганы үчүн ЖМК өкүлдөрүнөн кечирим сурап, мындай көрүнүш экинчи кайталанбай турганын билдирди.
"Кечээки митингди чагылдырып жүргөн журналисттин кармалышы боюнча бардык жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрүнөн кечирим сурап кетет элем. Журналистти автобуска салгандан кийин артынан башка адамдар да салынгандыктан ошол жерден коё берүү мүмкүн болбой калган. Ошондуктан журналист Биринчи Май райондук ички иштер бөлүмүнөн бошотулду.
Милиция кызматкерлерине мындай окуялар экинчи кайталанбашы үчүн түшүндүрүү иштери жүргүзүлөт. Журналисттер да ушул сыяктуу окуяларды чагылдырууда элден өзгөчөлүнүп турган атайын кийимдерди кийип алышса жакшы болот эле", - деди Атантаев.
Белгилей кетсек, кечээ, 17-январда "Ала-Тоо" аянтында Кыргыз өлкөсүндө мыйзамсыз жүргөн Кытай жарандарына каршы өткөн митингде "Некст ТВ" телеканалынын журналисти милиция кызматкерлери тарабынан кармалган.