Кытай жарандарынын Кыргыз өлкөсүнө мыйзамсыз кирүүсүнө каршы митингдин уюштуруучусу 3000 сом төлөөгө милдеттендирилип, милиция бөлүмүнөн чыгарылды

Кечээ, 17-январда Бишкектеги борбордук "Ала-Тоо" аянтында Кытай жарандарынын өлкөгө мыйзамсыз кирүүсүнө каршы митинг өткөн. Ал саат 11:00дө башталып, кечки саат 16:30га чейин уланган. Митингде унаалар өтүүчү жолго чыгып кеткен элди акциянын аягында милиция кармай баштаган. Кармалгандар Бишкек шаардык Биринчи Май РИИБине алып келинген.

Кармалгандардын арасында митингди баштап жүргөн уюштуруучу Аманбол Бабакулов да болгон. Аны митингди уюштуруунун убактысы созулуп кеткени үчүн кармаган. Бабакулов SUPER TV'га берген маегинде буларга токтолду.

"Митингди саат 13:00гө чейин гана уюштурууга уруксат алгам. Андан кийин ошончо элди башкаруу мүмкүн болбой калды. Арасында чагымчылдар бар экен. Ошолор элдин багытын башкага буруп жиберишти. Биз бийлик өкүлдөрүнө кирип чыккандан кийин "буларды укпагыла, бийликтегилер буларды сатып алды" деп кыйкыра башташты. Андан кийин ар бир адам өзү үчүн жоопкерчилик тартышы керек да. Мен кеткиле, тарагыла, митингди жабык деп жарыялайм деп саат 1де эле айткам", - деди Бабакулов.

Аманбол Бабакулов башка кармалган адамдар сыяктуу эле 3000 сом өлчөмүндө айып пул төлөөгө милдеттендирилип, кечээ, 17-январь күнү кечинде милиция бөлүмүнөн коё берилген.

Митингдин уюштуруучусу 3000 сом төлөмөй болду
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (6)
Nuri1988Elim2010
2019-01-18 11:48:16
Мыйзамсыз кирген Кытайлардан албайсынарбы штраф.Канчалаган кендерибиз кетип жатат.Климатты бузуп,сууларыбызды булгап,денсоолуктарыбызга зыян келтирип жатышатго.Неге ушул нерселерди чондор ойлонушпайт.
+8
Bazake
2019-01-18 12:00:49
Nuri1988Elim2010,Ошол кендерди Атамбаев итбекер сатып салса кантесин? Азыркы бийлик баарын териштирип жатат. Калп эле кытайга каршы чыгымыш болуп ызы-чуу салууну коздогон кучторго алданбаш керек
-2
Nuri1988Elim2010
2019-01-18 12:26:36
Bazake,Баарысы бир гор.Эч Кандай азыркы бийликта,мурунку бийликта элди ойлобойт.Жалан оздорун ойлошот.Бийликтин тарабын талашпай эле коюнуз.Мен лично эч бироосун жактабаймда,колдобоймда.Себеби карапайым Эл менен кызыккан эч ким жок.Отуруп алып эле жегенди билишет.Анан калп эле паланча жеп качып кетти деп,сырттан соттоп коюшат.Кана ошол жегендерин кусуп жатышабы? Жегенди сатканды гана жакшы билишет
+3
Umakg
2019-01-18 11:48:16
Мм
+1
Letchik-bolgum-kelchuu
2019-01-18 11:50:32
Туура кылат, митингге чыккандарды аёсуз жазалоо керек! Эртең Сириянын Ливиянын кейпине тушуп калуубуз мумкун.
-5
Nuri1988Elim2010
2019-01-18 12:20:08
Letchik-bolgum-kelchuu,
Митинге чыгып бир тополон кылган жок жазалагыдай.Болгону элдин талабын угуп коюшпай оздорунун чонтокторун ойлоп жатышат.Бул жакта карапайым элди ойлогон Жан жок.Куйгонунон чыгып жатышат.Жазалаганы акылары жок жепжутарлар
+5
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан