Азия Кубогу: Кыргыз улуттук курама командасы Түштүк Кореяга жеңилип калды (хронология)

Тектеш кабарлар: Футбол боюнча Азия Кубогу-2019 (200 материал)

11-январда Бириккен Араб Эмираттарынын Аль-Айн шаарында Кыргыз-Түштүк Корея беттеши орун алат.

Беттеш "Хазза бин Зайед" атындагы стадиондо өтүп, Бишкек убактысы боюнча саат 22:00дө башталат. Бул беттештин башкы калысы Катар мамлекетинен келген адис Хаммис Мухаммед Аль-Марри болот.

13:30. 10-январда Кыргыз жана Корея курама командалары беттеш алдындагы машыгууларды өткөрүшкөн. Машыгууларга Кыргыз курамасынан 23 оюнчу катышып, Корея курама командасынан 19 гана футболчу катышкан. Маалыматтар боюнча, Корея курама командасында 3 оюнчу жаракат алып калган. Ал эми курамдын жылдызы Сон Хын Мин учурда "Тоттенхэм" футболдук клубу менен Англия Премьер-Лигасында оюн көрсөтүүдө.

13:35. Ошондой эле кечээ күнү Кыргыз улуттук курама командасынын башкы машыктыруучусу Александр Крестинин жана оюнчусу Тамирлан Козубаев маалымат жыйынга катышкан. Анда Крестинин: "Кыргыз-Түштүк Корея беттешинде "Тоттенхэм" футболдук клубунун оюнчусу Сон Хын Миндин ойнобой турганы өкүндүрөт", - деп айткан.

13:45. Ал эми Корея курама командасынын башкы машыктыруучусу Паулу Бенту: "Кыргыз курамасын утуп, Азия Кубогунун жарым чейрек финалына чыгабыз", - деп айткан.

14:00. Бүгүн өтө турган стадион "Хазза бин Зайеддин" көрүнүшү төмөнкүдөй:

14:35. Бүгүн Кыргыз курама командасы кызыл түстөгү футболка менен ойнойт.
16:20. Айта кетсек, 11-январда Азия Кубогунун 2-турунун алкагында 3 оюн өтөт. Анда Аль-Айн шаарында Кыргыз-Түштүк Корея беттеши өтсө, Абу-Даби шаарында Филиппин-Кытай беттеши жана Дубай шаарында Палестина-Австралия беттеши өтөт.
16:30. Белгилүү болгондой, 1-турдун жыйынтыгында "С" тайпасында 1-орунду Кытай ээлеп келе жатса, 2-орунда Түштүк Корея, 3-орунда Кыргыз курамасы жана 4-орунда Филиппин курама командасы келе жатат.
19:50. "Хазза бин Зайед" стадиону Кыргыз-Түштүк Корея беттешине даяр болуп, күйөрмандар өз орундарына отуруп баштады. Ошол эле учурда Кыргыз улуттук курама командасы жатаканадан чыгып, стадионду көздөй жол алышты.
20:00. Кыргыз курамынын тизмеси белгилүү болду. Анда алгачкы мүнөттөрдөн оюн талаасына чыга турган футболчулардын арасында дарбазачы Павел Матяш жок. Оюнга төмөнкү 11 футболчу талаага чыгат:
Дарбазачы: Кутман Кадырбеков.
Коргоочулар: Валерий Кичин (капитан), Тамирлан Козубаев, Даниэл Тэго.
Жарым коргоочулар: Азиз Сыдыков, Эдгар Бернхард, Бекжан Сагынбаев, Кайрат Жыргалбек уулу, Фархат Мусабеков, Ахлидин Исраилов.
Чабуулчу: Мирлан Мурзаев.
21:10. Кыргыз күйөрмандары стадионго келүүдө. Айрымдарын сүрөткө тартып алганга жетиштик.
21:30. Кыргыз жана Түштүк Корея курама командалары беттештин алдындагы машыгууларын өткөрүүдө.
21:50. Беттеш башталуу алдында турат. Бир аз убакыттан кийин командалар оюн талаасына чыгышат.
21:53. Командалар оюн талаасына чыгууда.
21:56. Кыргыз гимни биринчи жаңырууда.
21:57. Түштүк Корея мамлекетинин гимни жаңырып, оюн 3 мүнөттөн кийин старт алат.
21:58. Топту оюнга алгач Түштүк Корея курама командасы кошот.
22:00. Калыстын ышкырыгы чыгып, беттеш башталды.
22:01. Алгачкы мүнөттө эле оюн талаасында футболчуга медициналык жардам керек болду. Кореялык футболчуга каршы Ахлидин Исраилов орой оюн көрсөттү.
22:03. Түштүк Корея курамасы чабуулга чыгуу аракетин көрдү. Бирок кыргыз коргоочулары мыкты оюн көрсөтүүдө.
22:04. Кыргыз дарбазасынын алдында кооптуу абал болуп өттү. Айып аянтчага кирип келген корей футболчусун Козубаев токтотуп калды. Кореялыктар топту бурчтан чыгарат.
22:05. Корей футболчулары бурчтан чыгаруудан натыйжа чыгара алган жок. Топ Кыргыз курамасында.
22:06. Атаандашынын бөлүгүндө кыргыз футболчулары кооптуу абал жаратты. Анда Кайрат Жыргалбек уулунун чыгарып берүүсүн Исраилов жыйынтыктады. Бирок Исраиловдун соккусу таамай болбой калды.
22:08. Кайрат Жыргалбек уулу оң канаттан чабуулга чыгып, командасы үчүн топту бурчтан чыгарууга мүмкүнчүлүк алып келди.
22:09. Тилекке каршы, кыргыз футболчулары натыйжалуу чабуул аткара алган жок.
22:15. Корея курама командасынын чабуулдары курч жана жыйынтыксыз болууда. Кореялыктардын бир нече чабуулун коргоочулар жана Кутман Кадырбеков токтотуп койду.
22:18. Кыргыз курамасынын дарбазасында абдан кооптуу абал орун алды. Кореялык Инбеомдун соккусу дарбазадан жогору өтүп кетти.
22:19. Кореялыктар уламдан-улам чабуулдарын курчутуп, кыргыз футболчулары мыкты оюн көрсөтө албай жатышат.
22:20. Кореялык футболчу Кадырбеков менен бетме-бет келген. Бирок калыс офсайд абалын көрүп калып, чабуулду токтотту.
22:21. Топ дагы деле кореялыктардын карамагында сакталууда.
22:22. Бекжан Сагынбаев колу менен ойноп, аны калыс байкап калган. Топту талаанын ортосунан кореялыктар кошот.
22:23. Даниэл Тэго атаандашынын чабуулун токтотуп калды. Кореялык чабуулчулар Кыргыз курамынын 3 футболчусун алдап өтүшкөн.
22:25. Бекжан Сагынбаев, Мирлан Мурзаев жана Ахлидин Исраилов бири-бири менен пасташып, жакшы оюн көрсөтүп жаткан. Бирок кореялык коргоочулар бул мыкты оюнду бузуп коюшту.
22:26. Кыргыз курамасы топту бурчтан чыгарууга мүмкүнчүлүк алды. Аны Эдгар Бернхардт аткарат.
22:29. Оюндун темпи жайлап кетти. Топ көбүнчө Корея курамасында болуп жатат.
22:30. Кооптуу абал Кадырбековдун дарбазасында орун алды. Кадырбеков биринчи соккуну атаандашынын бутуна чыгарып салып, экинчи топту айып аянтчадан чыгарып салды. Кореялыктар топту бурчтан чыгарат.
22:31. Корея курама командасы бурчтан чыгаруу мүмкүнчүлүгүн пайдалана алган жок. Топ Кыргыз курамасынын карамагында.
22:32. Азиз Сыдыков атаандаштын айып аянтчасына кирип барып, сокку узаткан. Топ кореялык коргоочуга тийип, талаадан чыгып кетти. Кыргыз футболчулары топту бурчтан чыгарат.
22:34. Бекжан Сагынбаев мыкты мүмкүнчүлүктү колдоно албай калды. Ал атаандашынын айып аянтчасында сокку узатып, анын 3 метрден узаткан соккусун дарбазачы тосуп алды.
22:36. Кореялыктар дагы ката кетирүүдө. Кореялыктардын чабуулунда Кадырбековдун дарбазасы ачык калып, кореялык футболчу сокку узатканга мүмкүнчүлүгү бар болчу. Ал 5 метрден сокку узатып, топ дарбазадан бир топ жогору өттү.
22:38. Кыргыз футболчулар уламдан-улам кореялыктардын дарбазасына жакындап бара жатат. Фархат Мусабеков 25 метр алыстыктан сокку узатып, бир аз таамай болбой калды.
22:41. Гол! Кореялыктар алдыга чыкты. Кореялыктар бурчтан чыгаруу мүмкүнчүлүгүнөн колдонуп кетип, эсепти 0:1 кылышты.
22:42. Кореялыктар дароо топту тартып алып, чабуулдан кайрадан топту бурчтан чыгаруу мүмкүнчүлүгүн алышты.
22:43. Кореялыктар топту бурчтан чыгарып, алардын чабуулун Валерий Кичин токтотуп койду.
22:44. Кореялыктар кайрадан кооптуу абал жаратууда. Кореялык оюнчунун таамай узатылган соккусун Кадырбеков кайтарганга жетишти.
22:45. 1-таймдын негизги убактысы аягына чыгып, башкы калыс 1 мүнөт кошуп берди.
22:46. Акыркы мүнөттө Кыргыз курама командасы топту бурчтан чыгаруу мүмкүнчүлүгүн алды.
22:47. Кыргыз курамасы бул мүмкүнчүлүгүн колдоно алган жок. Кореялык дарбазачы топту алгандан кийин калыстын ышкырыгы жаңырып, 1-тайм аяктады.
23:03. Командалар оюн талаасына чыгып, оюндун 2-таймы башталды.
23:10. Эдгар Бернхардт Мирлан Мурзаевге пас узатып, аны дарбазачы менен бетме-бет келтирген. Бирок кореялык дарбазачы топко биринчи жетип, чабуулду токтотуп койду.
23:11. Фархат Мусабеков атаандашы менен кагышып кетип, кореялык оюнчу медициналык жардам алууда.
23:13. Топ кореялык оюнчунун колуна тийгендей көрүндү. Бирок аны калыс байкабай калгандай көрүнгөн, кандай болгон учурда да бул мелдеште VAR-системи киргизилген. Балким, калыстын ышкырыгы жаңырып калат.
23:14. Дагы бир жолу айып аянтчанын ичинен кореялык футболчу колу менен ойноду. Бул ирет дагы калыстын ышкырыгы тынч калууда.
23:18. Кореялык футболчулар кооптуу абал жаратты. Кичин мыкты оюн көрсөтүп, атаандашынын чабуулун токтотуп койду.
23:20. Кореялыктар топту бурчтан чыгарууга мүмкүнчүлүк алып, бирок колдоно алган жок. Валерий Кичин кореялык оюнчунун чыгарып берүүсүн токтотуп койду.
23:24. Кутман Кадырбеков дарбазасын кароосуз калтырып, жөнөкөй жерден кооптуу абал жаратып салды. Бул мүмкүнчүлүгүн кореялыктар колдоно алган жок.
23:25. Мирлан Мурзаев атаандаштарын соккусу менен текшерип көрдү. Тилекке каршы, Мурзаевдин соккусу таамай болбой калды.
23:26. Эсеп саны 0:2 болуп кала жаздады, кореялык оюнчунун соккусунан кийин топ дарбазанын таякчасына тийип, дарбазага кирип кете жаздады. Топ чийинден өтпөй дарбазадан чыгып кетти.
23:27. Кыргыз курамасында алмаштыруу орун алды. Азиз Сыдыковдун ордуна оюнга Виталий Люкс кошулду.
23:30. Дагы бир кооптуу абалда ийгилик жылмайып, Кыргыз курамасынын дарбазасына гол кирбей калды. Топ Кадырбековго, андан соң дарбазанын таякчасына тийип чыгып кетти.
23:33. Бул беттешти стадиондо 4 миң 893 көрүүчү көрүүдө.
23:35. Кыргыз курама командасында алмаштыруу. Эдгар Бернхардтты Бахтияр Дүйшөбеков алмаштырды.
23:36. Кореялык футболчу Ахлидин Исраиловду ичке тээп салып, сары айып кагаз менен белгиленди.
23:38. Кыргыз курама командасында алмаштыруу. Ахлидин Исраиловдун ордуна Турсунали Рустамов чыкты.
23:39. Корея курама командасында дагы алмаштыруу. Оюн талаасына германиялык "Аусбург" футболдук клубунун оюнчусу Же Сеонг чыкты.
23:40. Турсунали Рустамов оюн эрежесин бузуп, сары кагазын алды.
23:42. Бул беттеш 21 жаштагы Кутман Кадырбеков үчүн дебют болгону менен, ал өзүн мыкты көрсөтүп, атаандаштардын таамай соккуларын тосуп алууда.
23:46. Оюндун акыркы мүнөттөрүндө Кыргыз курама командасынын дарбазасында кооптуу абал орун алды. Айып соккуну кореялыктар аткарууда.
23:48. Беттештин негизги убактысы аягына келип, калыс дагы 3 мүнөт кошуп берди.
23:51. Калыстын ышкырыгы жаңырып, Түштүк Корея курама командасы 0:1 эсеби менен жеңишке жетти.
23:52. Чынында бул беттеш эки команда үчүн тең оор болду. Кыргыз футболчулары жеңилип калганы менен, мыкты болду деп айтсак болот. Белгилей кетсек, Түштүк Корея курамасы Азия Кубогунун жана Дүйнө чемпиондугунун бир нече жолку катышуучусу болсо, Кыргыз курама командасы алгачкы жолу Азия Кубогунда катышууда.

кошулду
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (94)
Surotchu-kyz
2019-01-12 00:07:36
Кутман менен дарбазанын өзүнө ыраазычылык, от души туруп беришти экөө тең)
+6
bond
2019-01-12 00:07:44
Жакшы оюн болду. Мен силер менен жигиттер.
0
Aman_90
2019-01-12 00:09:44
Менимче Крестининди уже алмаштырыш керек болуп калган окшойт!Акыркы жылдары Футболубуз деле начарлап кетти!
-3
elb_2121
2019-01-12 00:11:28
шанс барбы жокпу ??
0
elb_2121
2019-01-12 00:11:48
кийинки оюндан
-1
Boha1
2019-01-12 00:12:28
Негизи кыргыздар атака кылып дарбазага тепкенде бир корейдин колуна тийип калды го. Ошондо пенальти болмок. Аны кайталап деле көрсөтүп берди да.
Аны биздин баяндамачылар болсо оюн уланып кетти Кыргыздарда "өткөн ишке өкүнбө" деген кеп бар эмеспи деп өзүбүздү өзүбүз жоошутуп койду. Ал жерден жайлатып көрсөтүп далилдеп бериши керек эле да машыктыруучу, таламын талашып.
+3
Kristianuronaldu
2019-01-12 00:15:48
Boha1,ошондой болса кана балким азыр женишти майрамдап жаттык беле
+1
Kristianuronaldu
2019-01-12 00:13:03
Кыргыз футболунун келечеги алдыда ин ша аллах биз баарын багындырабыз
0
Ariet-Baktyiarov
2019-01-12 00:13:26
Татыктуу женилуу!судья кичине тартипсизиреек болду!!
+7
bessmertiy
2019-01-12 00:13:44
Вратар азамат!!!
+5
Modric10
2019-01-12 00:22:44
Антошту сактап журо бер.лучше тренер кетсин жон кетпей мен коргондон эле 3 жолу тукурдун 16500 айып сага
+3
Beka1986
2019-01-12 00:23:33
Пас абдан начар болуп жатты,топко чалынып,же жеткире албай,ээээ....дагы бар экен силерге.Утуп алганы шанс коп болду колдоно алышпады.Кутман менен Кичин азамат,рахмат силерге.
+6
Boobek_5
2019-01-12 00:24:38
Калыс эки пенальтини көргөн жок, демек Кыргызстан эки болбосо да бир гол менен тең ата ойноду Германияга салыштырмалуу.)
+5
Modric10
2019-01-12 00:28:40
Кутман буга чейин кайда журдун ыраазычылык доске.кичин ото сонун ойноду.
Айтмакчы. баягы бизде мени озун мактаган бироо бар эле каякта ал. Мени элдер Рамоско,Роналдуга окшоштурат деген 7-номер мактанчак
+3
Zidan2
2019-01-12 00:50:13
Modric10,травмада,курамга чакырылган жок
+1
titanik32
2019-01-12 04:59:44
Жаңы эки вратарь азаматсын.Бири Кутман Кадырбеков экинчиси воротанын перекладинасы.
+3
aza84
2019-01-12 12:29:51
Азамат Байматов эмнеге жок
+1
Modric10
2019-01-12 13:37:47
aza84,грипп экен
0
Beka1986
2019-01-12 15:11:09
aza84,ал тамашоуда журот калыс болуп,ошол жакка отуп кеткен
+1
Modric10
2019-01-12 19:47:36
Beka1986,жардын )))))
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан