Бүгүн, 22-январда Жогорку Кеңештин комитетинде учурда 375 айыл өкмөт дотацияда отурганы айтылды. Бул тууралуу жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттигинин өкүлү Бахтияр Салиев билдирди.
Ал билдиргендей, өлкөдө 453 айыл өкмөтү бар. "83 пайыз айыл өкмөт дотацияда отурат. 2017-жылы 4-5 айыл өкмөт дотациядан чыгып, кайра кирди", - дейт Салиев.
"Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды берүүнүн тартиби жөнүндө" мыйзамынын аткарылышы боюнча комитеттин чечими каралды.