Депутат Таабалды Тиллаев жаңы кодекстер, мыйзамдардагы кетирилген каталарды тез арада жоюу керектигин айтты. Бул тууралуу ал бүгүн, 23-январда Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди.
"Бул боюнча өкмөттүн так позициясы болушу керек. Анткени кодекстер менен мыйзамдарда көптөгөн мүчүлүштүктөр кетирилгени көрүнүп турат. Сот-укуктук реформасынын алкагында аткарыла турган өтө татаал маселелер бар. Өкмөт эмнелерди аткара алат, эмнелерди аткара албайт, азыртан ачыгын айтышы зарыл", - деди депутат.
Вице-премьер-министр Жеңиш Разаков кодекстер менен мыйзамдарда бир катар орчундуу каталар кетирилгенин айтты. "Ченемдик-укук актыларында орун алган карама-каршылыктарды жоюу үчүн алдыда 200 мыйзам долбоорун иштеп чыгуу жана 600 токтом кабыл алуу милдети турат. Бул маселе боюнча эксперттик топ түзүлдү. Алар мыйзамдардагы карама-каршылыктарды карап жатат. Азырынча 3 мыйзам долбоору парламенттин кароосуна киргизилди", - деди Разаков.
Жыйында сот-укуктук реформа жүргүзүүнүн алкагында кабыл алынган, 1-январдан тартып колдонууга киргизилген жаңы кодекстер жана мыйзамдар боюнча жүргүзүлүп жаткан иштер жөнүндө өкмөт маалымат берүүдө.