Транспорт министри кызматына талапкер 3 негизги багыттары тууралуу айтып берди

Бүгүн, 24-январда Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Марлен Маматалиев транспорт жана жолдор министри кызматына талапкер Жанат Бейшеновдон министр болуп шайланса кандай багытта иш алып бара турганын сурады.

Жанат Бейшенов: "Биринчиден, коррупцияга каршы катуу күрөш болушу керек. Экинчиден, жолдун сапатын карайбыз. Аны тиешелүү илимий коом менен тыгыз иштейбиз. Үчүнчүдөн, аймактарды өнүктүрүүнү карайбыз", - дейт.

Учурда парламентте транспорт жана жолдор министринин кызматына Жанат Бейшеновдун талапкерлиги каралып жатат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан