Бүгүн, 24-январда Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Улугбек Ормонов транспорт жана жолдор министринин кызматына талапкер Жанат Бейшеновдон "Орун басарыңыз пара алып кармалып калса кызматтан кетесизби?" деп сурады.
Бейшенов жоопкерчиликти ала турганын айтты.
Ормонов: "Жоопкерчиликти алган туура. Бирок арыз жазып кетпеңиз. Бирөө пара алып кармалып жатса, сиз эмне үчүн кетишиңиз керек? Буга чейинки министр жол тармагын жакшы түшүнгөн кадр эле. Анын орун басары кармалып, арыз жазып кеткени туура эмес. Сиз бирөөнү кызматка алып келсеңиз гана маселе болуш керек", - дейт.
Учурда парламентте транспорт жана жолдор министринин кызматына Жанат Бейшеновдун талапкерлиги каралып жатат.