Бишкектеги Көк-Жар кичи районунда түтүктү оңдоо иштерине байланыштуу жылуулук берүү төмөндөтүлдү

23-январда "Бишкекжылуулуктармагы" ачык акционердик коому пландык текшерүү жүргүзүп, анын негизинде Көк-Жар кичи районунун тушундагы 7-Апрель көчөсүндөгү түтүктөрдүн биринде тешик бар экенин аныкташкан. Бул тууралуу аталган мекеменин маалымат кызматы кабарлап, аны оңдоо учурунда бир катар үйлөрдөгү жылуулук берүү төмөндөгөнүн белгиледи.

Маалыматка ылайык, 24-январда түтүктөгү жарылган жерди оңдоо үчүн аны резервдеги түтүк өткөргүчкө которуу жүргүзүлдү. Буга байланыштуу Көк-Жар, 11-12-кичи райондордо, Асанбай кичи районунда жана 4-5-6-кичи райондордун айрым бөлүктөрүндө жылуулуктун температурасы төмөндөгөн. Кечке жакын түтүктөгү жарылган жер оңдолуп, кайра мурунку калыбына келтирүү иштери жүргүзүлө баштаган.

"Буга байланыштуу 7-Апрель жана Медеров көчөлөрүндө жайгашкан үйлөрдө жылуулук берүү көйгөйү жаралган. Бирок бул авария эмес, жарылган жерди калыбына келтирүү үчүн жылуулук өткөргөн түтүктөгү сууну токтотуп туруу керек болчу.

Бүгүн, 25-январга карата жылуулук тармагы штаттык режимде иштеп жатат. "Бишкекжылуулуктармагы" ишканасынын кызматкерлери жогоруда айтылган кичи райондордун жашоочуларынан келген арыздардын негизинде даректерге барып, абал менен таанышууда", - деп жазылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан