Чүйдүн Сокулук районунун 32 жаштагы Елена Евстифеева аттуу тургуну 22 күндөн бери дайынсыз болууда.
Милициянын берген маалыматына караганда, Елена Евстифеева 2019-жылдын 6-январында Новопавловка айылындагы үйүнөн чыгып кеткен бойдон кайрылып келген эмес.
Анын бою 170 сантиметр, орто бойлуу, чачы кара. Үйдөн чыгып бара жатканда кышкы кийимчен болгон.
Аны көргөндөр же кандайдыр бир маалыматка ээ болгондор Сокулук РИИБинин 0 (312) 60 75 67, 0 (558) 86 14 86, 0 (709) 35 35 29 телефон номурларына же 102ге чалып кабарлап койсо болот.