Бириккен Араб Эмираттарында өтүп жаткан футбол боюнча Азия Кубогунун жарым чейрек финалындагы мыкты гол аныкталды.
Жарым чейрек финалдын мыкты голун аныктоо үчүн Азия футбол конфедерациясы сурамжылоо жүргүзгөн. Сурамжылоого 6 футболчунун киргизген голдору кошулуп, алардын арасында Кыргыз улуттук курама командасынын чабуулчусу Мирлан Мурзаевдин да голу бар болчу.
Сырамжылоодо жалпы 296 миң 159 добуш берилип, жыйынтыгында 1-орунду вьетнамдык Нгуен Конг Фуонг ээлеген. Ал Иордания курамасынын дарбазасына гол киргизип, сурамжылоодо 217 миң 698 же 74 пайыз добушка ээ болгон.
Кыргыз улуттук курама командасынын чабуулчусу Мирлан Мурзаевдин БАЭ курамасына киргизген голу 59 миң 519 же 20 пайыз добушка ээ болуп, сурамжылоодо 2-орунду ээледи.
3-орунда Иордания курамасынын оюнчусу Баха Абделрахмандын голу жайгашкан. Ал 13 миң 29 же 4 пайыз добушка ээ болгон.
4-орунда 2479 добушка ээ болгон түштүк кореялык Ким Чин Су, 5-орунда 1902 добушту алган катардык Бассам Аль Равинин голу, 6-орунда 1532 упай алган БАЭ курамасынын оюнчусу Али Мабхут жайгашкан.