28-сентябрда төрөлгөн адамдар тапкыч болушат. Жашоосундагы жакын деп эсептеген адамдары үчүн ар дайым жакшы нерселерди жасоого дилгир болушат.
Бул күнү төрөлгөн адамдардын жашоосунда сүйүктүүсү менен болгон мамиле эң негизги ролду ойнойт. Жакшы көргөн адамына өзгөчө көңүл бөлүп, ар дайым карап, колдоп турушат. Сүйүүгө туруктуу болуп, узак убакыт бирге жашоого аракет кылышат.
28 санынын алдында төрөлгөн адамдар аракетчил болушат. Алар тапкыч болгондуктан, өзү каалаган жумуштун майын чыгара аткарып, эмгегинин акыбетин сөзсүз кайтарат. Ошондой эле булар өз жумушунда ийгилик жаратып, кесиптештеринин алкышына ээ болушат.