Бүгүн, 30-январда Жогорку Кеңеште КТРКнын Байкоочу кеңешинин мүчөсүн шайлоо өтүп жатат.
Анда депутат Кенжебек Бокоев КТРКнын башкы директору Илим Карыпбековдун ишмердүүлүгү кандай болуп жатканын сурады.
"КТРКнын учурдагы башкы директору Илим Карыпбековдун ишмердүүлүгүнө кандай баа бересиңер? Байкоочу кеңешке талапкерлигин койгон 5 кишинин оюн угайынчы", - деди эл өкүлү.
Талапкерлер Карыпбековдун иши канааттандырарлык эмес деп айтышты.
Ал эми талапкерлердин бири Чынар Капарова Карыпбеков саясатта чоң жаңылыштык кетиргенин билдирди.
"Мен айтпасам деле Илим Майрамбековичтин саясатта чоң жаңылыштык кетиргени баарына маалым. Ошол кетирген жаңылыштыгынан кийин өз каалоосу менен ордун бошотуп бериши керек болчу. Тилекке каршы, бүгүнкү күнгө чейин иштеп жатат. Макул, мүмкүнчүлүк бериш керек. Бирок эшик-терезени оңдоп койду, мыкты менеджер деп эле ордуна коё берүү азыркы замандын талабы эмес. Эшик-терезе оңдосо жетекчинин кызматкерге кыла турган милдети. Илим Майрамбековичтин милдети Кыргыз мамлекетине контентти жакшыртуу. Эл келип алып КТРКнын эшик-терезеси жакшы болуп калыптыр деп баа бербейт. Ал жактагы эфирлер аркылуу баа берилет. Мен 20 жыл ал жакта иштегендиктен аудиториям чоң. Ошондуктан элден мага көп кайрылуулар келет. "Ушул КТРКны көргүбүз келбей калды" дешет. Алты канал ачылды. Анын эң эле көрүмдүүсү "КТРК музыка" экен. Анын аудиториясы жаштар. КТРКнын байкоочу кеңеши бийликти ээрчиме эмес, өз пикирин таамай айта алган курам менен толукталмайынча оңолбойт", - деди Капарова.