Бүгүн, 31-январда Жогорку Кеӊештин жыйынында "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө (Кыргыз Республикасынын Суу кодекси, Кыргыз Республикасынын "Суу жөнүндө" мыйзамы)" мыйзам долбоору 2-окууда каралды.
Мыйзам долбоору боюнча Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана региондук өнүгүү боюнча комитеттин төрагасы Айтмамат Назаров баяндама жасады.
Берилген маалыматта долбоор аркылуу суу ресурстарын пайдалануу үчүн акы белгилөө жана алуу тартиби, суу пайдалануучуларга жеӊилдиктерди берүү каралды.
Ошондой эле айыл жергесиндегилерге же бак-дарак участкалары бар жарандарга, багбанчылык кылгандарга сууну өкмөт аныктаган тартипте берилери айтылды.
Талкуунун жүрүшүндө суу өнөр жай тармагына пайдаланылган учурларда акысы төлөнөрү такталды. Ал эми тургундар суу акысын төлөшпөйт. Бирок мыйзамда белгиленгендей, сууну жеткирүүдөгү кызмат көрсөтүүгө акы төлөйт.
Жыйынтыгында мыйзам долбоору 2-окууда добуш берүүгө жиберилди.