Футзал боюнча Кыргыз улуттук курама командасы Литва курамасы менен беттешет

Футзал боюнча Кыргыз улуттук курама командасы Литва курама командасына каршы беттеш өткөрөт. Бул тууралуу Футбол федерациясы кабарлады.

Улуттук курам 19-31-январь аралыгында 2020-жылы өтүүчү Азия чемпиондугунун тандап алуу туруна даярдануу максатында окуу-машыгуу жыйындарын өткөргөн. Жыйындардын жыйынтыгында кыргыз футзалчылар 2-3-февралда Литва курамасына каршы 2 жолдоштук беттеш өткөрөт.

Башкы машыктыруучу Амиржан Муканов курамга 17 спортчуну чакырган.

Футзал боюнча Кыргыз улуттук курама командасынын тизмеси:

  • Дарбазачылар:
    • Кирилл Ермолов, Улукбек Абдылдаев, Бекболот Акматалиев
  • Коргоочулар:
    • Акыл Анарбек уулу, Манас Абдрасул уулу, Шухрат Абитов, Улан Байгазы уулу
  • Чабуулчулар:
    • Дильшат Кадыров, Шохрух Махмадаминов, Элбек Иманалиев, Максат Алимов, Мирлан Жолдубаев, Арстанбек Турсунов, Дамир Исаков, Юлдашбай Салимбаев, Сагындык Акимбаев, Азат Исабеков
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан