Биз социалдык тармакта

Бишкекте мас абалындагы айдоочу милициядан качууга аракет кылды (видео)

Бүгүн, 22-ноябрда, Бишкекте мас абалындагы BMW үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу милиция кызматкерлеринин талабына баш ийбей, качууга аракет кылды. Бул тууралуу милициянын кайгуул кызмат башкармалыгы билдирди.

Маалыматка караганда, окуя саат 12:30 чамасында Чүй проспектиси менен Курманжан датка көчөсүнүн кесилишинде болду. Айдоочу качып бара жатып, кайгуул кызматкерлеринин унаасын сүзгөн. Ал Москва көчөсү менен Чыңгыз Айтматов проспектисинин кесилишинде токтотулуп, кайра качууга аракет кылганда кармалды.

"Текшерүүнүн жүрүшүндө айдоочу буга чейин транспорт каражатын башкаруу укугунан ажыратылганы, ошондой эле мас абалда болгону аныкталган. Бул факт Биринчи Май райондук ички иштер башкармалыгында катталган.

Айдоочуга Укук бузуулар жөнүндө кодексинин 126-беренеси (Майда бейбаштык) боюнча протокол түзүлдү. Унаа айып короого киргизилип, айдоочу райондук ички иштер башкармалыгына жеткирилип, убактылуу кармоочу жайга киргизилди
", - деп кошумчаланды маалыматта.

Бишкекте мас абалындагы айдоочу милициядан качууга аракет кылды
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан