Биз социалдык тармакта

"Аалам сулуусу-2026" сынагында Медина Эрмекова "Бугу Эне" образында чыкты (видео)

Кыргызстандын атынан "Аалам сулуусу-2026" (Miss Universe 2026) эл аралык сулуулар сынагына катышып жаткан Медина Эрмекова улуттук кийимдер көрсөтүлгөн бөлүгүндө "Бугу Эне" образында сахнага чыкты. Бул тууралуу ал бүгүн, 22-ноябрда өзүнүн социалдык тармактагы баракчасында билдирди.

"Бул образ энелик мээримди, боорукерликти жана үмүттү чагылдырат. Анын ар бир деталында кыргыз элинин тарыхы, маданияты жана жан дүйнөсү камтылган", - деп жазды Эрмекова.

Белгилей кетсек, "Аалам сулуусу-2026" сынагы 8-25-ноябрь күндөрү Пуэрто-Риконун Сан-Хуан шаарында өтүүдө.

"Аалам сулуусу 2026" сынагында Медина Эрмекова "Бугу Эне" образында чыкты
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан