Биз социалдык тармакта

Бишкекте 8 кабаттуу мейманкананын курулушу токтотулду (видео)

Бишкек шаарындагы Гоголь көчөсү, 92 дарегинде курулуп жаткан 8 кабаттуу мейманкананын курулушу мыйзам бузуулар аныкталгандыгына байланыштуу убактылуу токтотулду. Бул тууралуу кечээ, 21-ноябрда Курулуш министрлиги билдирди.

Маалыматка караганда, курулуш аянтында оор жүк ташуучу техникалардын дөңгөлөктөрүн тазалоочу жай жок болуп, санитардык талаптар сакталган эмес. Ошондой эле башкы план жок экени аныкталган.

Жыйынтыгында курулуш компаниясына 200 миң сом айып пул салынып, мыйзам бузууларды жоюу боюнча көрсөтмө берилгени маалымдалды.

Бишкекте 8 кабаттуу мейманкананын курулушу токтотулду
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан