АКШнын Чикаго шаарындагы Миллениум паркында башкы балатынын шамын жагуу аземи өттү. Бул тууралуу чет өлкөлүк маалымат каражаттары жазышты.
Маалыматка ылайык, быйыл 113-жолу уюштурулган салтанат 20-ноябрда өтүп, ага шаардын мэри Брэндон Жонсон жана Санта-Клаус катышты. Иш-чара майрамдык концерт жана салют менен коштолду. Бийиктиги 15 метр болгон балатынын шамдары 2027-жылдын 10-январына чейин күн сайын кечинде жанып турат. Аны көрүү акысыз.