Ош шаарындагы Авиа шаарчасында көп кабаттуу үйлөрдүн сырткы көрүнүшүн жаңылоо иштери аяктап калды. Бул тууралуу кечээ, 21-ноябрда шаардык мэрия билдирди.
Маалыматка караганда, мэрдин тапшырмасы менен муниципалдык турак жай-коммуналдык башкармалыгынын кызматкерлери үйлөрдүн фасаддарын актап, сырдоо иштерин жүргүзүп жатышат.
Бул иштер шаарчанын көркүн жакшыртуу жана жашоочуларга ыңгайлуу шарт түзүү максатында аткарылууда.