Урматтуу колдонуучу, сизде өкмөткө, ага тиешелүү министрликтерге берилүүчү суроолор жана чечилбеген маселелер барбы? Анда "Суперстандагы" "Өкмөт жооп берет" бөлүмүнө суроолоруңузду калтырыңыз. Суроолоруңузга тиешелүү тармактардын адистеринен жооп алып берүүгө даярбыз.
Колдонуучудан келген суроо финансы тармагына байланыштуу. Суроолорго Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жооп берди.
Суроо: - "Айыл банкка" 1000 доллар алмаштырганы бардым. Анын 3 даана 100 долларлык купюрасынын чыгарылган жылы 1996-жылга чейинки экен. Кассадагы кыз "Эски доллар экен, алмашылган сумманын 10 пайызын алып калам" деди. "Макул" деп берсем, дагы 200 долларда кичинекей көк печать бар экен, андан да 12 пайыздан айырма алып калды. Башка өлкөлөрдөн мындайды көргөн эмесмин. Ошондо бул КРУБнын мыйзамында барбы? Же өздөрүнүн жекече коррупциясыбы? Эски, бырышкан же айрылып тытылган акчаларды деле жөн эле алмаштырышат го? Жогорудагыдай көрүнүштү мурда банкта иштеп кеткен таанышымдан сурасам сени алдап коюшкан дейт.
Жооп: - Кыргыз Республикасында нак чет өлкөнүн валютасы менен алмашуу операцияларын жүзөгө ашыруу тартиби жөнүндө жобого ылайык чет өлкө валютасын сатып алууда, сатууда же алмаштырууда банктар жана алардын алмашуу пункттары, алмашуу бюролору, кандайдыр бир чектөөлөрдү белгилөөгө жана наркына, төлөм каражаты статусуна же акча белгилеринин чыгарылган жылына жараша ар кандай курстарды өз алдынча белгилөөгө укугу жок.
Бирок банктар аныктыгы шек келтирбеген, төмөнкүдөй кемчиликтерге ээ чет өлкө банкноту менен алмашуу операцияларын ишке ашырууда комиссиялык сый акыны өз алдынча белгилөөгө жана алууга укуктуу:
- өңү өчүп, түсү өзгөргөн болсо же боёк менен боёлуп калса;
- басып чыгарууда кетирилген анык кемчилик;
- айрылып, чапталган, эгерде ал бөлүктөр ошол эле бир банкнотко таандык болсо;
- бурчтары, четтери айрылган, бир аз тешилип калгандар (эгерде алардын орду жабылгандыгы тастыкталбаса);
- чети күйүп калган болсо.
Бирок чет өлкөлүк валютаны алмаштыруу операциясын жүргүзүүдөн мурда банктын кызматкерлери кардарларга эрежелерин жана пайыздарын толугу менен түшүндүрүп берүүгө милдеттүү.
Эгерде кардар финансылык мекеменин кызмат көрсөтүүсүнө канааттанбай өзүнүн укуктары бузулду деп эсептеп, алар кабыл алган чечимге дагы макул болбосо, арызы менен Улуттук банкка кайрылса болот. Улуттук банктын керектөөчүлөрдүн укугун коргоо боюнча бөлүмү даттанууларды карап чыгууда, “Жарандардын кайрылууларын кароонун тартиби тууралуу” мыйзамдын жана ушул нормативдик укуктук актынын негизинде түзүлгөн ички тартиптин алкагында иштешет. Андыктан ар бир жаран Улуттук банкка арызы менен кайрылууга акысы бар.
Суроо: - Орусиядан акча келгенде 100 000 рублду же ошого окшогон ири суммадагы рубль менен алам десең "рубль жок" деп беришпейт. Кандайча, миллиондорду айланткан банкта рубль жок? Алар кардар кандай банкнот сураса ошондой бергенге милдеттүү го? Сураган банкнотту бербеген учурда кандай кылуу керек?
Жооп: - Мыйзамдарга ылайык банктардын кассаларында улуттук валютадагы акча каражаттары жетиштүү суммада болууга тийиш. Бул мыйзам талабы чет өлкөнүн валютасындагы акча каражаттарына тийиштүү эмес, анткени орусиялык рубль, АКШ доллары же болбосо башка чет өлкө валютасы Кыргыз Республикасында эмиссияланбайт (чыгарылбайт). Ошондуктан банктардын кассаларында чет өлкө валютасы калбай калып, кардардын талабы толугу менен канааттандырылбай калган учурлар кезигет.
Ошондой эле белгилей кетүүчү нерсе, азыркы учурда Кыргыз өлкөсүнө эсеп ачылбаган эл аралык акча которуулардын негизинде кирген акча, кардар көргөзгөн чет өлкө валютасында гана берилиши керек. Анын негизинде, чет өлкө валютасында акчаны которуп жана алган адам акчасын банктан же алмаштыруу бюролорунан улуттук валюта – сомго же башка валютага алмаштырып алса болот.
Акча которуу системи боюнча келип түшкөн акчаларды которуу, төлөө валютасынан башка валютага конвертациялоо Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жүзөгө ашырылат.