Ошто 2 кызын батирге он күндөн ашык кароосуз калтырган келин турмушка чыгып кеткен

Ош шаарында ижарага алып жашап жаткан батирине эки кичинекей кызын кароосуз калтырган келин турмушка чыгып кеткен. Андан сырткары анын жана кыздарынын эч кандай документтери жок экендигин бүгүн, 1-февралда Ош шаардык социалдык коргоо башкармалыгынын үй-бүлө жана балдарды коргоо бөлүмүнүн башчысы Гүлзина Раева SUPER.KG'ге билдирди.

"Балдар кароосуз калганы аныкталып, аларды алып кеткенге барганыбызда байланыш телефондорун калтырганбыз. Бүгүн эки кыздын 31 жаштагы А.Н. аттуу энеси байланышка чыгып, башкармалыкка келип кетти. Анын ишин комиссия карап чыгып, кыздарды кайтарып бербөө чечимин кабыл алды.

Комиссиянын чечимине ылайык, 2012-жылы туулган Мадина жана 2017-жылы туулган Мубина аттуу эки кыз 6 айлык убакытка Ош шаарындагы үй-бүлө балдарды реабилитациялык-адистештирилген борборунда, биздин карамагыбызда болот. Кыздар жашаган батирдин шарты өтө начар болчу, ичинде жагымсыз жыт бар. Андан сырткары кыздардын да, энесинин да эч кандай документтери жок экени аныкталды.

Кыздардын энеси паспорту күйүп кеткенин айтты, ал эми улуу кызын төрөт үйүнөн, кичүүсүн үйүнөн төрөгөнүн билдирди. Ошондой эле ал буга чейин күйөөсү менен ажырашып кеткенин кошумчалады. 10 күндөн ашык убакыт дайынсыз жүргөнүн турмушка чыкканы менен түшүндүрдү. Анын айтымына караганда, ал кыздарын карап жаткан батирдин ээсине акча салып турган.

Келе жаткан жумадан баштап төрөт үйүнөн улуу кызынын документтерин табууга аракет кылабыз. Эгер кыздардын энеси иштеп, кыздарын кайтарып алууга кызыкдар болсо биз ага көмөктөшүүгө даярбыз. Өзүнүн жана кыздарынын документтерин жасатууга жардам кылабыз. Эгер андай болбосо, аталган келин 6 айдан кийин энелик укугунан ажыратылат", - дейт Раева.

Айта кетсек, эки кичинекей кызы менен Ѳзгѳн кѳчѳсүндөгү үйлөрдүн биринин бир бөлмөсүн ижарага алган келин бир күндѳн кийин кыздарын үйгө таштап кетип 10 күн дайынсыз болгон. Бул убакыт аралыгында батирдин ээси балдарга тамак-ашын берип, аларды караган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (17)
Infiniti075
2019-02-01 20:27:37
кайран элим....
+4
Suzak12
2019-02-01 20:34:39
Ощол келинди алган эркекда кок мээ билсе эгер билбесе анда билбейм кандай чечим чыгарат.бул ишинен кийин.
+9
aerforce
2019-02-01 20:40:20
эне эмес күкү экен камаш керек 10күндұн ичинде ачкадан өлсүн деп таштап кеттида адам кантип өз баласын эки саатка жалгыз калтырбайтко
+15
anara870693
2019-02-01 22:23:54
Кошмаааар, соз жок оло албай жатып куйоого тийип кеткенин ужас просто!!! Эмки жылы дагы торойт дагы ушинтип таштап кетеби андан коро эки кызынын келечегин ойлоп иштебейби куйоодон олгону калса да
+13
Pandora
2019-02-01 23:51:51
Биригчи окуганымда эне тирик бекен деп кабатыр болдум эле.Тообо кылдым кызытай эле адамдарды кезиктиресиң...
+5
bema_bema
2019-02-02 00:24:41
Эмнеге аялдар эле жооп бериш керек,кыздардын атасын таап камаш керек,туудуруп кочо таштап кете береби
+3
gulmira96
2019-02-02 00:52:29
Таза ХХХ катын го , коздорун жалдыратып таштап коюп кантип эрге тийип кетти. Оорукчандар кобойду баарынан да наристелерге убал болду Кудай ай эми кыздар эмне болот(((
+4
raykray
2019-02-02 01:14:30
Соо эмесда чындап ХХХ, ооруулуго байкуш. Ошондо бобоктор 10кун жалгыз жашаганбы ачка?! Экоонун момоюп отурганын жожолор(((
+2
Aima94
2019-02-02 03:46:43
Тоообоо. Жаканы кармай турган эле заман. Ыйман, мээрим, пейил такыр эле жок. Акыр заман да алыс эмес. Аллах айткан нерсенин баары болуп жатат. Адамдар бири бирин өлтүрүп, пейили кетип, мээрим жоголгондо жер асты үстү болуп эч нерсе калбайт. Наристелерде не күнөө тоообо
+3
Muratmipa
2019-02-02 04:55:28
Aima94,заман заман бойдон эле кетип жатат просто адамдар оздору жаман заман эмей эле
+3
babi92
2019-02-02 04:38:33
Тообо не деген эле заман болтат
0
Nora
2019-02-02 06:54:28
enelik ukuktan ajyratuu kerek, rosiyadagydai zakon bolso jakshy bolot ele .
+1
gulmi
2019-02-02 09:49:45
Эртерээк куйоого тий,куйоого чыкпасан болбойт деген тарбиянын жыйынтыгы.Бул аялдын башында "куйоого тийип, торош керек"деген гана программа бар.Роботтой болуп ошол эле программаны аткара берет.
+4
Baku88
2019-02-02 11:04:36
Эки кызын таштап коюп кантип жатып жүрдү экен ХХХ
+3
love2016kg
2019-02-02 11:47:35
дагын турмушка чыгып дагын торойтко 2кызды карабагандан кийине неге куйого тийет
+6
didu
2019-02-02 12:30:56
Э витамин ото зарыл болгон экенда
+4
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан