Орусиялык белгилүү рэп ырчысы Децл 2-февралда көз жумду. Бул тууралуу анын атасы Александр Толмацкий кабарлады.
Маалыматка караганда, Децл Ижевск шаарында концерт берип жүргөн. Концерт бүткөндөн жарым саат өткөндөн кийин ырчы гримдөөчү бөлмөдө каза болгон. Алдын ала маалыматтар боюнча анын жүрөгү токтоп калган.
Децл деген ат менен таанылган ырчынын өз аты Кирилл Толмацкий. Ал 35 жашта эле. Децл "Вечеринка", "Слезы", "Письмо" жана "Для тебя" өңдүү белгилүү ырларды аткарган. Москвадагы Британия эл аралык мектебин бүтүрүп, кийин Швейцарияда билим алган. Алгачкы "Пятница" аталышындагы ырын атасы Александр Толмацкий менен биргеликте чыгарышкан. Атасы кийин Децлге продюсерлик кылып келген.