Өзгөндө атасы зордуктаган кыз окуганды билбейт. Кыздын инилери мектеп интернатына берилди

Өзгөндө атасы тарабынан зордукталып, боюна бүтүп калганы айтылган кыз окуганды билбейт. Бул тууралуу Ош шаарындагы "Ак жүрөк" кризистик борборунун башчысы Дарика Асилбекова билдирди.

Белгилүү болгондой, атасы 2004-жылы туулган кызын зордуктаганын моюнуна алган. Учурда М.кызы М. кризистик борборго жайгаштырылган. Ага психологиялык жана медициналык жардам көрсөтүлүп жатат. Анын 2006 жана 2008-жылы туулган эки иниси мектеп интернатына берилди.

Социалдык өнүктүрүү министрлигинин өкүлү балдар комиссиясы менен биргеликте тийиштүү иш-чаралар көрүлүп жатканын билдирди.

"Окуя болгонго чейин социалдык коргоо бөлүмдөрүнө эч ким маалымат жеткирген эмес. Кошуналары же кыз өзү айткан эмес. Учурда окуянын чоо-жайын тактап жатабыз. Биринчи кезекте балдарга социалдык, медициналык жактан жардам берилүүдө.

Атасынын ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген болсо, анын майыптыгынын группасына жараша баса албаса, эч нерсени өз алдынча жасай албаса социалдык кызматкер текшерип турушу керек. Ал үй-бүлөнүн буга чейин кандай кырдаалда жашаганы тууралуу маалымат бере албайбыз. Азыр текшерилип жатат. Балдардын мектепке барышын Билим берүү министрлиги карашы керек. Кыз кош бойлуулугу 6 ай болгонго чейин эч кимге айткан эмес. Жакшы окуй албагандыктан чала сабат экенин айтып жатышат. Демек, үйдөгү зомбулуктан мектепке дагы барган эмес. Мектепке барса абалы дагы билинмек", - деп билдирди социалдык өнүктүрүү министрлигинин өкүлү.

Кыздын атасы 20-январда камакка алынган. Апасы 2013-жылы каза болгон.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (7)
boris8907
2019-02-04 20:36:46
Атасы майып болсо апасы да көзү өтүп кеткен экен буларды ким багып журду экен. Мага ушул суроо кызык болтат
+5
jasgul
2019-02-04 21:14:55
Буларга кайдыгерлик куноолуу. Айыл окмот, соцкызматкер кабар алып койбоптур да. Кантип эле бироо ушулар эмне тамак жеп, эмне кун коруп атты экен деп кызыкпады экен.
+13
Alixan-Nookat.2015
2019-02-04 22:45:58
jasgul,Туура айтасың кайдыгерлик адамды жеп бүтөт. Жергиликтүү бийлик өкүлдөрү кабар алып турушу керек болчу ананда атасы майып болсо балдар жаш болсо.
+7
Meken28
2019-02-05 04:15:41
Al maiyp atasynyn zorduktagan kolunan kelgenden kyiyn meesi jakshy ele ishteitko,,baikush kyz bul jashoodo echnerseni tushunboi jashap keldi,bala mn eneni echkachan ajyratpasyn
+3
Jasa
2019-02-05 11:39:32
Ушул заманда да бар экен да ээ окуй албаган,мектепке барбагандар тооба дейсин,кошуналары бок бекен же баары кайдыгер болуп жатып калдыбы
+1
Kunbeken
2019-02-05 12:20:02
"Энелуу жетим гул жетим, аталуу жетим кул жетим"-деген макалды эстеп кеттик. Энелер аман болсун. Эч бир перзентти атадан ажыратсан да, энеден ажырата корбо Аллахым. Бул окуяны такташ керек жакшылап. Майыптыгы учун пенсия алат атасы балким ошо менен жашап келишкендир. Бул окунучтуу окуя экен. Эми мындай кайталанбасы учун мээсинен жабыркагандарды созсуз оруканага жаткыруу керек. Кабар алуу керек, тизмеде болуш керек булар.
Ошондой эле кароосуз калган балдардан созсуз кабар
+1
Asyl10
2019-02-05 14:17:36
Атасы майыптыгынан улам баса албаса,эч нерсени оз алдынча жасай албаса анан кантип кызын зордуктап журду? Жакшылап иликтеш керек,балким башка эле адам зордуктап жургондур, же кызын башкаларга сатып акча иштеп жан багып журушкондур? Кызды жакшылап сураш керек. Майыптыгы учун алган аз пенсияга кантип 4 адам жан багат,баары майда болсо. Коншу-колондорунан жакшылап сураштырып,териштириш керек. Анын устуно озу майып болуп,эч нерсе кылалбай, зорго жургон адам кызын зордуктай алабы?
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан