Кыргыз балбандары Иранда өтө турган эл аралык мелдешке катышат

Кыргыз балбандары Иранда өтө турган эркин күрөш боюнча эл аралык мелдешке катышат. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Кыргыз Республикасынын Күрөш федерациясынан билдирди.

Ирандын Тегеран шаарында 7-8-февраль аралыгында "Тахти Кубогу" өтөт, ага Кыргыз өлкөсүнөн 14 балбан катышат. Алардын арасында Азия оюндарынын (2018) күмүш медалынын ээси Магомед Мусаев, Азия чемпиондугунун (2017) коло медалынын ээси Улукбек Жолдошбеков дагы бар.

2018-жылы өткөн "Тахти Кубогунда" Кыргыз өлкөсүнөн 10 балбан катышып, Айбек Усупов коло медалды тагынган.

"Тахти Кубогуна" катыша турган кыргыз балбандардын тизмеси:

  • 57 килограммга чейинки салмак ченинде: Бекболот Мырзаназар уулу жана Алмаз Сманбеков
  • 61 килограммга чейинки салмак ченинде: Улукбек Жолдошбеков
  • 65 килограммга чейинки салмак ченинде: Эрназар Акматалиев жана Нургазы Абдуразаков
  • 70 килограммга чейинки салмак ченинде: Исламбек Орозбеков жана Мансур Сыргак уулу
  • 74 килограммга чейинки салмак ченинде: Бекжан Жамбулов
  • 79 килограммга чейинки салмак ченинде: Айбек Насиров жана Ильгиз Жакыпбеков
  • 92 килограммга чейинки салмак ченинде: Чыңгыз Керимкулов
  • 97 килограммга чейинки салмак ченинде: Магомед Мусаев жана Кунай Нурдавлетов
  • 125 килограммга чейинки салмак ченинде: Музафар Жаппуев
  • Башкы машыктыруучу: Руслан Мажинов
  • Ага машыктыруучу: Сүймөнкул Табалды уулу
  • Калыс: Эрнис Суранов
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан