Ош шаарында көчөлөргө жана туура эмес жайларга токтотулган унааларды коюучу айып аянтчасына барсаң жалаң эле майда-чүйдө, карапайым адамдардын унаалары. Мындай пикири менен окурман "ЭЛДИК КАБАРГА" бөлүштү.
"Карапайым элдин унаалары боз ала болуп, ачык асман алдында көптөн бери турушат. Алар унааны айып аянтчасынан учурунда чыгарып кете албагандыктан кармалып турат. Ал эми арасынан дегеле бир жаңы, Жип унааларын көрбөйсүң. Анткени менен Оштун көчөлөрүн аралап бассаң тыюу салынган жерлерден, тротуарлардан, жөө адамдар өтүүчү өтмөккө жакын жерлерден деле көпчүлүгү кымбат баалуу унаалар турганын көрөсүң. Ал эми айып аянтчасына келсең жалаң арзан, эптеп бирди эки кылып тиричилик жасап жаткан карапайымдардын унаалары. Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо кызматынын инспекторлору кымбат унаалардан айланып өтүшөт", - дейт окурман.
Ошондой эле ал унааны чыгарып кеткенге чейин аманатка жасагандай мамиле кылышпайт дейт. Окурмандын айтымында, кээ бир унаалар чирип, тетиктери жарактан чыгып калат.
Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.
Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.