Новосибирскке учуу үчүн "Манас" аэропортуна бараткан жүргүнчү: "Милиция жолду тосуп, 1 сааттан бери өткөрбөй жатат"

Бүгүн, 5-февралда "Манас" эл аралык аэропортунда бомба бар деген маалымат тарап, учурда аэропорттун айланасы курчоого алынды. Ал эми УКМКнын басма сөз кызматы ИИМдин жана УКМКнын кызматкерлери "Манас" аэропортуна жиберилгенин, алар тийиштүү иштерди аткарып жатканын билдирди.

Новосибирскке учуу үчүн бара жаткан жүргүнчүгө байланышып, Бишкек-"Манас" аэропорту жолундагы тыгын жана абал тууралуу билдик.

"Кайним Орусиянын Новосибирск шаарына учуп, андан ары башка жакка сапарын уламак. Биз узатуу үчүн баратканбыз. Саат 15:30дан бери жолдо турабыз. Унаа жолдун баары узун тыгын. Аэропортко болжол менен 1 чакырым жетпеген алыстыкта токтоп турабыз. Аэропорттон артты көздөй кайтып жаткандар да бар. Милиция аэропортко бомба коюлган болушу мүмкүн деп унааларды өткөрбөй жатат. Кайнимдин каттоосу саат 16:00дө башталып, 18:05те учуп кетмек. Милиция кызматкерлери дагы 2-3 саат кармалышыңар мүмкүн деп маалымат берди", - дейт жүргүнчү.

Белгилеп кетсек, аэропортто бомба бар деген маалымат 14:41де түшкөн. Андан бери эл имараттын ичинен эвакуацияланып, тиешелүү органдар текшерүү иштерин жүргүзүүдө.

"Манас" аэропортунда бомба бар деген маалымат тарап, жол тосулду
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан