Казакстанда өрттөн көз жумган 5 кыздын сөөгү жерге берилди (сүрөт)

4-февралга караган түн ичинде Астана шаарындагы Сарыарка районунда эки бөлмөлүү үйдөн өрт чыгып, тынч уйкуда уктап жаткан Альбина, Алина, Элина, Сабина жана Бахыт аттуу 5 кыздын өмүрү кыйылган. Тилсиз жоо түнкү саат эки жарым чамаларында чыгып, бир тууган кыздарды куткарып калууга мүмкүн болгон эмес. Алардын улуусу 12 жашта болсо, эң кичүүсү 3 айлык болгон.
Бүгүн, 5-февралда маркум кыздардын сөөгү жерге берилди. Коштошууга миңден ашык адам катышып, баары бирдей көздөрүнө жаш алышты. Тажыяны өткөрүүнү жергиликтүү бийлик колго алган.
Ал эми учурда 5 кыздын өмүрүн алган тилсиз жоо үйдө күйүп жаткан мештен чыкканы айтылып жатканы менен, так себеби аныктала элек.
Казакстандык ЖМКлардын маалыматына караганда, атасы унаа оңдоочу жайда иштеп келсе, апасы болгону эки күн мурун пластикалык карта чыгарган заводго жумушка орношуп, ошол түнү экөө тең жумушта болуп калышкан.
Үй-бүлөнүн жакындары алар жергиликтүү бийликтен батир сурап келишкенин, батир берилип калса аман калышмак деп айтышууда. Бирок жергиликтүү бийлик бул үй-бүлө эч качан батир маселеси боюнча жардам сурап кайрылбаганын белгилөөдө.
Казакстанда үйдөн өрт чыгып, уктап жаткан 5 кыздын өмүрүн алды
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (24)
salimbek87.kg
2019-02-05 21:54:26
козумдо жаш эх бее куноо наристелер Аллахым бейишин берсин Ата энесине сабр берсин
+6
talaa11
2019-02-05 22:06:08
Мындан откон азап жок Байкуш Ата-энесине сабыр берсин
+10
Beise
2019-02-05 22:25:43
Сабыр тилейм
+7
Dilbaranurdinova
2019-02-05 22:55:27
Журогум жаман ооруду
+6
Muslim_KGstana.
2019-02-05 23:14:34
Бул дуйнодо корбогон нерсени туболуктуу Бейиште коруп бактылуу балалыкты ошол жактан откоргуло балапандар....(((
+6
tyrgon
2019-02-06 02:29:42
Жаткан жерлери жайлуу болсун оор кырсык болгон экен ата энесине сабр берсин терен кайгыруу менен конул айтам.
+2
Nur777
2019-02-06 02:28:26
Байкуш кыздар ай!Бейажал олумдон сактасын,душманга каалабайсын мындайды..
Ата-энеси кантти экен,Кудайым ата-энесине сабыр берсин,кыздардын жайын жаннаттан кылсын.
Журогум сыздап кетти окуп алып(((((
+4
Benazir08
2019-02-06 03:10:54
Бирин бири карашып кун кечирип аткан экен да аа периштелер ай ото жаман иш болуптур. Бейишин берсин Аллах
+5
Baktyluu_bolgum_kelet
2019-02-06 09:20:40
Оо Аллах! Ата-энесине сабыр бер!Ыйладым.
+1
AIA-TOO
2019-02-06 09:45:46
Жаннатылар десе тагдыр экенда сабыр кылгыла.
+3
Pandora
2019-02-06 10:59:14
Жайлары бейиштен болсун... Ата-энесине сабыр.
Бул да болсо кээ бир адамдарга сабак болчудай, кызы көптөр "уулум жок"-деп, уулу коптор "кызым жок"-деп эч качан наалыбагыла, баары кудайымдын бергени.Коп коруп жаткан болсонор кудайым бир заматта,жокко го чыгарып коюшу мүмкүн.
+2
Tulpar_9
2019-02-06 11:14:00
Жаны Жаннатан болсун,
+2
Nargiza1987k
2019-02-06 11:21:08
Ата энесине сабр байкуштар олуп атып ыйлаган чыгаар
+2
zhenishmyrza
2019-02-06 11:27:01
Эх окмоттогулор эгерде батир сурап барганда да бере койбойт эленер да. Бул сыяктуу корунуш бизде деле болуп жатат батир сурагандарга берип жатасынарбы?!
+3
senchi
2019-02-06 12:11:12
Жаткан жерлери жайлуу болсун,ата энесине сабыр
+1
talant87
2019-02-06 15:22:39
Ойлонуп ойлонуп тензиздиктин жоктугунан ушундай нерселер болот.кудайдын буйругу туура бирок мамлекет Элди иш менен камзыз кылса элдин жашоо шартын тендесе. баары кундуз иште, торосо уйдо олтурмак, бири кети иштегени жакшы жашоо самап бири кети уйун бала чакачын бироого таштап. Тен иштеп Тен журсо Эл журт бала чака Ата эне жашамак Бир жерде.
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан