Фархад Бекманбетовдун директор болушуна каршы болгон Кыргыз циркинин артисттеринин тең жарымы жумушка кайтты

Кыргыз циркине Фархад Бекманбетов директор болгондон кийин аталган жайдын 35 артисти арыз жазып жумушка чыкпай койгон. Алардын тең жарымы жумушка кайтканын аталган мекеменин артисти Данияр Бөлөкбаев SUPER.KG'ге 6-февралда тастыктады.

Анын айтымында, 35 артист Фархад Бекманбетовго өз талаптарын койгон, учурда айрым талаптары аткарылып баштады.

"Биз Фархад Бекманбетовго мурдагы директор Курмангазы Исанаевдин циркте иштеген адамдарын жумуштан кетирүү, артисттерге жакшы шарттарды түзүп берүү, цирктин көркөм жетекчилигине ишти жакшы билген жаштардан коюп берүү тууралуу талаптарды койгонбуз. Бекманбетов 15 күн убакыт сураган болчу. Кечээ мурдагы көркөм жетекчи Кадырбек Тажиев пенсия курагында болгондуктан өз каалоосу менен арыз жазып жумуштан кетти. Ошентип талаптарыбыз аткарылып баштагандыктан жумуш таштаган артисттердин тең жарымы кайра өз ордуна кайтып барышты", - деди Бөлөкбаев.

Кыргыз циркинин директорлугуна маданият, маалымат жана туризм министринин мурдагы орун басары Фархад Бекманбетовдун, Кыргыз циркинин артисти Аида Акматованын жана балетмейстер Зарылбек Молдобакировдун талапкерлиги сунушталган. Бирок эмгек жамаат Аида Акматованын гана дайындалышын талап кылып Ак Үйдүн алдына митингге чыгышкан. 24-январда жетекчиликке Фархад Бекманбетов дайындалгандан кийин 35 артист каршылык иретинде жумуштан кетүү тууралуу арыз жазып, жумушка чыкпай жатышкан.

Цирктин мурдагы директору Курмангазы Исанаев ээлеген кызматынан 2018-жылдын 20-декабрында бошотулган. Анын кызматтан кетүүсүнө эмгек жамаат менен болгон пикир-келишпестик түрткү болгон. Кыргыз циркиндеги жетекчилик менен кызматкерлердин пикир келишпестиги 26-ноябрь күнү Жогорку Кеңештин комитетинде көтөрүлүп, циркти ижарага берүүдөгү жана билеттерди сатуудагы коррупция жана башка мыйзам бузуулар болгону айтылган. Бул боюнча маселенин чоо-жайын жазганбыз.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
Kyrgyz_bloger
2019-02-06 12:38:13
Мурунку деректирдин адамдарын жумуштан кетируу дейт,силердин талаптарынар деле саясат го Акаевтын Бакиевдин адамдары дегендей
+2
Janibek_Mamytov
2019-02-06 19:19:58
Дубана таарынса куржунуна зыян дейт. Ордуларына мискенбаев жалгыз эле жетишет. Ишке алып алсын жаңы директор.
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан