"Кыргызстан" санаториясынын директору: "Төртүнчү жолу митингге чыгып жатабыз. Профсоюздар федерациясынын төрагасынын таянганы жубайы, Жогорку Кеңештин депутаты болуп жатат"

Төртүнчү жолу митингге чыгып жатабыз, Профсоюздар федерациясынын төрагасынын таянганы Жогорку Кеңештин депутаты болуп жатканын SUPER.KG порталына митингге чыккан "Кыргызстан" санаториясынын директору Венера Маймендеева билдирди.

"Анын таянганы - депутат, Социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттыкты сактоо боюнча комитетинин төрайымы Гүлкан Молдобекова. Ал Асанакуновдун жубайы болот. Бизде "Эмгекчилердин саламаттыгын сактоо" фонду бар. Ал жакка өтө чоң каражаттар бөлүнөт, бир жылда ал фондго 300 миллион сомго жакын акча бөлүнүп берилет. Бул жерде коррупциялык схема болуп жатат.

Биздин кеңештин мүчөлөрү кол көтөрүп, ишенбестик көрсөтүп кетирели деп баратканда эле бул киши тарабынан "фондду бербей коём, Профсоюз толугу менен тарап кетесиңер" деген басмырлоо болууда.

Эки жылдан бери биз чындыкты издеп келебиз. Профсоюздар федерациясынын төрагасы Мирбек Асанакунов мыйзамсыз шайланган. Бул тууралуу буга чейин да айтып чыкканбыз, митингдер да болуп келген. Мына бүгүн төртүнчү жолу митингге чыгып жатабыз. Буга чейин биз тиешелүү мекемелердин баарына кайрылганбыз. Финансы полициясынан да документ жасаганы далилденген. Бирок кылмыш ишинин мөөнөтү эскиргенине байланыштуу иш жабылып калган. Профсоюздар кеңешинин мүчөлөрү сотко да кайрылган, алардын арызын сот канааттандырган. Мыйзамды баарыбыз аткарышыбыз керек, соттун чечими турса, Финансы полициясынын токтому болуп жатса анан аны Профсоюздар кеңешинин мүчөлөрү колунан сүйрөп, кет деп жатса да жыйынтык чыкпай жатат. Биз да айласыздан ушундай кадамга барып жатабыз. Эгер чындык табылбаса эл аралык мекемелерге да кайрылууга даярбыз", - дейт Маймендеева.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан