Александр Крестинин: "Эми өзгөчө жаш оюнчуларга көңүл бурабыз. Алар курамыбыздын келечеги"

Бүгүн, 10-февралда Кыргыз Республикасынын Футбол федерациясы башкы машыктыруучу Александр Крестинин менен келишимин узартты. Машыктыруучу бул боюнча төмөнкүдөй комментарий берди:

"Кыргыз курамасы менен ишти уланта турганыбызга кубанычтамын. Команда Азия Кубогунда жакшы иш аткарып, оюну менен туура жолдо бара жатканыбызды көрсөттү. Мындан кийин дагы ишти ушундай нукта уланта берели. Эми өзгөчө жаш оюнчуларга көңүл бурабыз. Алар курамыбыздын келечеги. Бардык жоопкерчиликти сезип турам, өз ишибизди мыкты аткарып, алдыга койгон максаттарга жеткенге бардык күч-аракетибизди жумшайбыз".

Футбол федерациясынын жаңы шайланган президенти Канатбек Маматов дагы өз пикирин айтып кетти:

"Александр Крестинин менен келишимди узартканыбызга кубанычтабыз. Анын баштоосунда Кыргыз курама командасы Азия Кубогунда көрүнүктүү оюн көрсөттү. Футбол федерациясы Александр Крестининге жана анын машыктыруучулар штабына толугу менен ишенет. Кыргыз курама командасын алдыда мындан дагы кооз жеңиштер жана ийгиликтер күтүп турат деп ишенебиз".

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
dastan_nookat
2019-02-10 16:52:15
Ийгилик
0
oscar
2019-02-11 01:23:01
Буюрса жылыш бар
0
Skarlett-Skarlett
2019-02-11 10:53:31
Ото оор басырык,эмоцияга алдырбаган,бир калыптагы адам экен Крестинин.Азаматсыз!
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан