60 жаштагы Венера Казиеванын 5 кыз, 2 уулу бар. Жолдошу экөөнүн тең көздөрүнүн көрүүсү начар болгондуктан бул илдет тукум кууп, 4 кызы, бир уулу төрөлгөндө эле көрүүсү начар болгон. 14 небересинин жетөөнө бул оору жабышканын айткан Казиева тууралуу SUPER.KG порталы буга чейин жазып чыккан.
Венера Казиеванын экинчи кызы Ширин Орозобаева дени сак төрөлгөн. Бирок ал кийинчерээк ата-энесинин кароосунда төшөктө жатып калган. 2004-жылдан бери альвеококкоз оорусу менен алышып келе жаткан Ширин Орозобаева оорудан айыга албай каза болгондугун маркумдун сиңдиси Гүлзада Мамиева билдирди.
"Эжем баарыбыздын көзүбүз болчу. Ал 9-февралда Индияда каза болду. Ага жардам чогулуп, Индиядан 2 жолу операция жасалган. Азыр сөөгүн алып келише элек. Чоң үмүтүбүз бар болчу. Караңгыны жарык кылган жалгыз көзүбүздөн айрылдык". Гүлзада Мамиева ыйлап, мындан башка маалымат бере алган жок.
Ширин Орозобаевага буга чейин операция жасатканда боорунун төрттөн эки бөлүгүн кесип салышкан. “Боор өсөт, калыбына келет” дешкен. Бирок боор менен кошо альвеококкоз да кайра өсүп кеткен. Ал кан тамырларда болгондуктан врачтар ала албай коюшкан. 2013-жылы боору сууга толуп кетет. Суу алдырып, табыптарга да барып жүрүп суу өзүнөн-өзү тартылып кеткен.
"Өзүмдү жакшы сезе баштагандыктан боорду алмаштыруу тууралуу ойлонбой да калгам. Кийин кайра дагы боорго суу толуп, врачтар ачып көрүп, “болбой калыптыр” деп кайра жаап коюшту. Боордон суу ала беришти. Жыйынтык болбогондон кийин сууну сыртка чыгарып туруучу түтүк салышты. 2014-жылдан бери түтүк менен жашап жүрөм.
2013-жылы боорду алмаштыруу үчүн Түркияга квотага илингем. Бирок донор жок болчу, туугандарымдын баары майып да. 25 миң долларыбыз да жок болчу. Тагдырыма баш ийип жашай бердим. Балам 18ге чыккандан кийин “мен донор болуп берем, бооруңузду алмаштырыңыз” дей баштады. Эки баламдын көзүн жалдыратып аракет кылбай отуруп алгым келген жок. Ошондуктан элге жардам сурап кайрылууга туура келди", - деген Орозобаева.
"Төшөктө жатканыма 2 айга жакындап калды. Мен кыйналган сайын ата-энем эзилет. Кыйын күндө ата-эне гана күйүп жаныңда болот экен. Ооруп баштаганда жолдошум таштап кеткен. 8 жылдан бери кайра кайрылып балдарын да сураган жок. Майыптыгым боюнча 2000 сом пенсия, кызымды жалгыз тарбиялаганым үчүн 800 сом жөлөк пул алам. Ата-энем менен бир туугандарымдын пенсия, жөлөк пулдарына жашап, дарыланып жатам. Январь айында кайрымдуу адамдардын жардамы менен Индияга операцияга кетип жатам. Бирок каражат чогулбай жатат. Операцияга болжол менен 26 миң доллардын тегерегиндеги каражат керек экен, азыр так айта албай жатышат", - деп ушул жылдын январь айында интервью берген.
Тилекке каршы, Ширин Орозобаева операциядан ийгиликсиз чыгып, арабыздан кетип калды...