Жогорку Кеңештин комитетинде экс-президенттерди кол тийбестигинен ажыратууга багытталган мыйзам долбоору каралат

Бүгүн, 12-февралда Жогорку Кеңештин комитетинде экс-президенттерди кол тийбестигинен ажыратууга багытталган мыйзам долбоору экинчи окууда каралат. Бул тууралуу парламенттин сайтына жарыяланды.

Бул мыйзам долбоорунун демилгечилери Курманкул Зулушев жана Исхак Масалиев.

Курманкул Зулушев билдиргендей, экс-президенттерден кол тийбестик укугу алынып салышы керек.

"Экс-президент кол тийбестик укугуна ээ. Ал президенттин ыйгарым укуктарын аткарган мезгилинде жасаган аракеттери же аракетсиздиги үчүн жазык жана административдик жоопкерчиликке тартылышы, кармалууга, камакка алынууга, тинтүүгө, суракка алынууга же жеке текшерүүгө дуушар кылынышы мүмкүн эмес.

Бул норма бүгүнкү учурда мазмунуна жооп бербейт жана колдонуудагы Конституциянын нормаларына карама-каршы келет. "Президенттин ишмердигинин кепилдиктери жөнүндө" мыйзамынан бул берене алынып, күчүн жоготушу керек", - деди Зулушев.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
BekAmir
2019-02-12 11:05:27
Эн жакшы
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан