Бишкекте бүгүн, 6-апрелде "Медиа Форум" имаратында КСДПнын кезектеги 18-съезди саат 10.00дө башталып, жабык эшик артында өттү.
Съездге партиянын лидери, экс-президент Алмазбек Атамбаев, Жогорку Кеңештин депутаттары Ирина Карамушкина, Асель Кодуранова, Мухтар Айнакулов, Анвар Артыков жана башкалар катышты. Мындан тышкары 180 делегат чакырылган.
Учурда ЖМК өкүлдөрүнө съездде кабыл алынган чечимдер тууралуу маалымат берүү үчүн брифинг өтүп жатат. Анда партиянын лидери Алмазбек Атамбаев съезд жакшы өткөнүн билдирди.
"Курултайды жакшы өткөрүп алдык. 180 делегат чакырылган. Анын 170и келип берди. Бул жакшы көрсөткүч", - деди Атамбаев.
Экс-президенттердин кол тийбестигин алып салуу боюнча мыйзам тууралуу журналисттер тарабынан суроо берилди. Ага Атамбаев төмөндөгүдөй жооп берди.
"Мен Кудайдан башка эч кимден коркпойм. Мага карата жасалып жатканды саясий иштер деп баалайм. Мени менен биригем деген жарандык коом жана саясатчыларга ыраазычылык билдирем", - деди партиянын лидери.