Тармактык комитетте экс-президенттердин кол тийбестик статусун алып салуу демилгеси талкууланып, мыйзам долбоору үчүнчү окууда жактырылды

Бүгүн, 12-мартта Жогорку Кеӊештин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер жана Жогорку Кеңештин Регламенти боюнча комитеттин жыйынында экс-президенттердин кол тийбестик статусун алып салуу демилгеси талкууланып, “Кыргыз Республикасынын Президентинин ишмердигинин кепилдиктери жөнүндө” мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” мыйзам долбоору үчүнчү окууда жактырылды.

Мыйзам долбоорунун демилгечилери - Жогорку Кеӊештин депутаттары Курманкул Зулушев менен Исхак Масалиев.

Демилгечилердин маалыматына караганда, мындан 15 жыл мурда бир адам үчүн чоң иммунитет берген мыйзамга экс-президенттин статусуна арналган “Кыргыз Республикасынын Президентинин ишмердигинин кепилдиктери жөнүндө” мыйзамдын 12-беренеси кирет. Бул ченем азыркы замандын талабына жооп бербейт. Жаңы Конституцияда президент адам укуктарынын жана эркиндиктеринин кепилдиги катары чыкпайт. Анын үй-бүлөсүн мамлекеттик камсыздоо жөнүндө ченем да жок. Ошондон улам мыйзамга төмөндөгүдөй өзгөртүүлөрдү киргизүү сунушталууда:

- Президенттин кол тийбестигинин деңгээлинин төмөндөгөндүгүн эске алуу менен, 3-берене жаңы редакцияда баяндалууда, анда Кыргыз Республикасынын президентин кызмат ордунан четтетилгенден кийин аны кылмыш жоопкерчилигине тартуу мүмкүнчүлүгү бөлүгүндө Конституциянын ченемдери чагылдырылды;

- Президенттин үй-бүлө мүчөлөрү тийиштүү артыкчылыктар жана жеңилдиктер менен пайдаланарын эске алуу менен мыйзамдын 6-беренеси президенттин үй-бүлө мүчөлөрүнүн чөйрөсү белгилеген норма менен толукталды;

- 8-беренеде президенттин үй-бүлө мүчөлөрүнүн өмүрү жана ден соолугу мамлекеттин эсебинен камсыздандырыла тургандыгы жөнүндө норма алып салынууда;

- 13-беренеде экс-президенттин үй-бүлө мүчөлөрүн акысыз медициналык тейлөө жөнүндө ченемди алып салуу сунуш кылынат, ошондой эле экс-президентке карата соттун айыптоо өкүмү күчүнө кирген учурда ушул беренеде каралган бардык кепилдиктер токтотулат;

- Экс-президенттин үй-бүлө мүчөлөрүнө ал каза болгондон кийин өмүр бою кызматтык автотранспорт, ошондой эле каза болгон күнү экс-президентке берилүүчү медициналык тейлөө укугу каралган 17-берененин 2-бөлүгү алып салынууда;

- Мыйзамдын 18-беренесин күчүн жоготту деп таануу сунуш кылынууда. Мындан ары ар-намысын жана кадыр-баркын коргоо экс-президенттин өзүнө жүктөлөт;

Талкуу жүрүшүндө мындай мыйзам кабыл алынып калса, ал бардык экс-президенттерге карата бирдей колдонула турганы белгилүү болду. Ошондой эле экс-президенттер өзүнүн ыйгарым укуктарын аткарган мезгилде кылмыш жасап, соттун өкүмү күчүнө кире турган болсо, анда аларга каралган бардык мамлекеттик артыкчылыктар жокко чыгарылат.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан