Бүгүн, 12-февралда Жогорку Кеңештин комитет жыйынында “Президент жана Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо жѳнүндѳ” мыйзам долбоору каралып жатат.
Анда депутат Айнуру Алтыбаева президенттикке жана Жогорку Кеӊештин депутаттыгына талапкердин жогорку билими болушу керек деген сунушка макул эместигин билдирди. Анын айтымында, Жогорку Кеңештин мурунку чакырылышында эки депутат орто билим менен эле жакшы иштешкен. Алтыбаева мыйзам долбоорунун демилгечиси депутат Кенжебек Бокоевден "бул шайлоочулардын укугун чектөө болуп калбайбы?" деп сурады.
Бокоев айыл жергесине барганда ага жарандар жергиликтүү кеңештин депутаттыгына талапкерлердин дагы жогорку билими болушу керектигин айтышканын белгиледи. "Айыл башчы кызматына, укук коргоо органдарына жогорку билим талап кылынат. Эмне үчүн президенттикке жана Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкерлерден жогорку билими талап кылынбашы керек?" - дейт депутат.