Бишкек ЖЭБин модернизациялоо долбоорундагы коррупциялык иштер боюнча материалдар иликтенип бүттү. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын расмий сайтына жарыяланды.
Анда Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодекси боюнча УКМК тергөө иштерин жүргүзгөн.
Бул боюнча кылмыш ишине тийиштиги бар делген мурунку премьер-министрлер Жантөрө Сатыбалдиев, Сапар Исаков жана депутат Осмонбек Артыкбаев, Улуттук энергохолдингдин мурунку директору Айбек Калиев, мурдагы финансы министри Ольга Лаврова дагы коррупция боюнча айыпталууда.
Билдирүүгө ылайык, 2019-жылдын 11-февралында материалдар Свердлов райондук сотуна келип түшкөн. Биринчи соттук отурумдун качан боло турганы азырынча белгисиз.