Камактагы Осмонбек Артыкбаев ооруканага жаткырылды

Осмонбек Артыкбаев ооруканага жаткырылды. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин басма сөз кызматынан кабарлашты.

"Осмонбек Артыкбаев ден соолугуна байланыштуу атайын ооруканага жаткырылган. Кайсы жери ооруп жатканы тууралуу айта албайбыз", - деп билдирди басма сөз кызматы.

Эске салсак, Осмонбек Артыкбаевге 5-июнда "Бишкек ЖЭБди модернизациялоо" долбоорун ишке ашыруудагы коррупция боюнча кылмыш иши козголуп, камакка алынган.

Биринчи Май райондук соту Артыкбаев тергөө иштери аяктаганга чейин Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин тергөө абагында болот деген чечим чыгарган. Артыкбаевдин жактоочусу анын ден соолугуна байланыштуу баш коргоо чарасын өзгөртүү үчүн Бишкек шаардык сотуна арыз берген. Шаардык сот Артыкбаевдин баш коргоо чарасын карап, райондук соттун чечимин күчүндө калтырган.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (18)
Patirot
2018-07-10 13:07:59
Орукчан болуп акталып кемем деп артис болушуп калп эле
+9
Firdaus-Muslim
2018-07-10 13:08:37
Мына алды ооруп башташты, айыгып чыкса эркин куш болуп эркиндикке койо беришет.
+9
Fatimka
2018-07-10 13:17:58
Жакшы болуп кетиңиз Осмон аке. Токтогул эли үчүн көп жакшылык жасагансыз.
-18
Azatbek.Svoboda.
2018-07-10 13:54:52
Fatimka,ЖЭБден уурдаган акчаларынан силерге бир аазберип турчубу? Таң каласың адамдарга каратып элдин ырыскысын уурдаса да жок ал ак куугунтук болуп жатат деп чыгышат акчасына алданып!Билинип эле турбайбы уурулар экени!
+9
Fatimka
2018-07-10 14:39:41
Azatbek.Svoboda., сен карап турдуң беле жегенин? Точно билбегенден кийин сүйлөбөш керек.
-4
frunze777
2018-07-10 14:53:15
Fatimka, еще как жеген. Аны бир сен билбейт коруносун?!!
0
kalpak.kg92
2018-07-10 13:18:38
Олуп эле калсын не болсо шо болсун чын журоктон барибир
+8
asman.81
2018-07-10 13:25:38
Элдин акысын жеп жатканда неге оорубады экен ?...
+12
bond02
2018-07-10 13:34:53
Ооруба ата, ооруба....
-7
Nanei
2018-07-10 13:35:01
Жеген акчалары синбей,ащказаны ооруп жаткан го
+8
Azatbek.Svoboda.
2018-07-10 13:50:34
Эми башталды больнойлор соттору жакындап чекесинен ооруй башташышат!Ооба тушуном ойлонуп депрессияга чалдыгып давлениялары которулот бекер эле арам акчаны жепмин дешип!Ойлоп кетем бизде бийликке бут оорукчандар келип иштешеби деп!Бут больнойлор ден-соолугу жакшы деген справка менен бийликте иштешишет окшойт!Бийликтегилердин 2010дон берисин эки эксин азыркысын 120сын кошуп кууп салыш керек!
+6
bekmirzach
2018-07-10 14:25:18
Мамлекеттин акчасына колсалганда оорубайт мыйзамсыз иштерине жооп бегенге келгенде ооруп калышат. Ууру чиновниктер абакта ооруп калаарын билсе неге уурдашат. Бирок ооруп калуу шылтоосу жооп керчиликтен куткарбайт.
+3
anonymous
2018-07-10 14:37:49
Сом евро доллар аралаштырып жесе ооруйт деп телевизордон кордум эле
+4
aksy94
2018-07-10 14:43:11
Биздин бийликтегилер баары инвалит оорукчандар
+2
frunze777
2018-07-10 14:55:06
Биздин бийликтегилер кызматта турганда, казынаны тоноп акча жегенде оорубайт да, кылмыш ишин козгосо катуу оорукчан болуп чыга келишет...
+1
munar1980
2018-07-10 22:45:39
Неге кимге кылмыш иши козголсо эле сразы ооруп калышат жалгандан ооруп жаткан болсо Кудай ошол кишиге чындап оору берет эч качан айыкпаган
0
jalguzum
2018-07-10 23:26:26
Ушулардын иштеп жүргөндө эч ооруганын укпайбыз камалышса эле срочно ооруп калышат. Оорулуу болсо кызматка келбей уйундоле жата бербейби Кыргызстанга пайдалуу иш кылышалбаса зыяндарын тийгизбей журушсунда
0
Suior85
2018-07-10 23:52:52
Бизди озу жалан эле ХХХХХХ башкарат
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан