Адвокат: "Айбек Калиевге тагылып жаткан айып мыйзамсыз"

Тектеш кабарлар: Бишкек ЖЭБи боюнча соттук иштер (254 материал)

"Улуттук энергетикалык холдингдин" мурдагы төрагасы Айбек Калиевге тагылып жаткан айып мыйзамсыз. Бул тууралуу, бүгүн, 2-ноябрда SUPER.KG порталына айыпталуучунун адвокаты Бактыбек Жумашев билдирди.

Адвокаттын айтымында, Калиевге тагылган Кылмыш-жаза кодексинин 221-беренеси (коммерциялык уюмдарда иштегендердин кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланышы) мамлекеттик эмес коммерциялык жана башка уюмдардын ээлерине же ишкерлерге угузулат.

“Бишкек ЖЭБи боюнча Айбек Калиевге айып мыйзамсыз угузулду. Анткени ага Кылмыш-жаза кодексинин 221-беренесинин негизинде айып тагуу үчүн түзмө-түз жоопкерчилиги болушу керек эле. Бирок Бишкек ЖЭБинин иштөө уставында жана Айбек Калиевдин кызматтык милдеттеринде да аталган беренедеги жоопкерчилик көрсөтүлгөн эмес. Мен айыптын туура эмес угулушу боюнча тергөөчүгө кайрылып, Калиевге козголгон ишти кыскартуу боюнча өтүнүч келтиргем. Бирок өтүнүч канааттандырылбай, иш сотто каралып жатат", - деди адвокат.

Бүгүн, 2-ноябрда Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук сотунда Бишкек ЖЭБиндеги кырсыкка байланыштуу соттук отурум өтмөк. Бирок 2 айыпталуучунун адвокаты сотко келбегенине байланыштуу, отурум 15-ноябрга жылдырылды.

Белгилүү болгондой, Бишкек ЖЭБиндеги өндүрүштүк кырсык боюнча айыпталуучулардын арасында "Электр станциялары" ишканасынын башчысынын орун басары Бердибек Боркоев, ЖЭБди модернизациялоо боюнча топтун жетекчиси Темирлан Бримкулов, "Электр станциялары" ишканасынын мурдагы башкы директору Узак Кыдырбаев бар. Аларга Кылмыш-жаза кодексинин 221-беренеси (Коммерциялык уюмдарда иштегендердин кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланышы) менен иш козголуп, айып тагылган.

26-январда Бишкек ЖЭБинде өндүрүштүк кырсык болуп, шаардагы үйлөргө берилген жылуулук 7 күнгө төмөндөгөн. Мындан улам бир жыл мурун Кытайдан алган 386 миллион доллар менен жаңыланган ЖЭБге карата сын-пикирлер күчөгөн. Бул факты боюнча кылмыш иши козголуп, тергөөнүн жүрүшүндө бир топ жооптуу кызматкерлер кармалган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан