Бүгүн, 21-июнда Бишкек шаардык сотунда "Улуттук энергохолдингдин" мурдагы башчысы Айбек Калиевдин баш коргоо чарасы каралды. Соттун чечимине ылайык, Калиевди тергөө аяктаганга чейин УКМКнын тергөө абагында калтыруу боюнча Биринчи Май райондук сотунун чечими күчүндө калды.
Эске салсак, Айбек Калиев 10-апрелде "Улуттук энергохолдингдин" төрагасы кызматынан бошотулган. Ал Бишкек жылуулук электр борборун жаңылоо долбоорун ишке ашыруудагы коррупция фактысы боюнча кылмыш ишинин алкагында кармалган.
26-январда Бишкек ЖЭБинде өндүрүштүк кырсык болуп, шаардагы үйлөргө берилген жылуулук 7 күнгө төмөндөгөн. Мындан улам бир жыл мурун Кытайдан алган 386 миллион доллар менен жаңыланган ЖЭБге карата сын-пикирлер күчөгөн. Бул факты боюнча кылмыш иштери козголуп, тергөөнүн жүрүшүндө бир топ жооптуу кызматкерлер кармалган.