Петровка айылындагы №8 түзөтүү абагына которулган мурдагы өкмөт башчы Сапар Исаков жактоочуларына жолуга албай калды. Бул тууралуу маалыматты SUPER.KG порталына анын жактоочусу Замир Жоошев билдирди.
Жактоочунун айтымында, бүгүн, 27-апрелде ал кесиптеши, жактоочу Бакыт Автандил уулу менен аталган абакка барышканда, пандемияга байланыштуу бардык жолугушууларга тыюу салынганын билишкен.
"Биз 55 чакырым жолду өтүп, Сапар Исаков менен Тарых музейин реконструкциялоо боюнча иштин алкагында маанилүү жагдайларды сүйлөшүү үчүн барганбыз. Тилекке каршы баргандан майнап чыкпады, себеби бизге 2020-жылдын 1-апрелинде чыккан буйрук күчүнө киргенин айтышты. Ага ылайык, абактагылар өлкөдөгү эпидемиологиялык абалга байланыштуу жактоочулары жана жакындары менен кезиге алышпайт экен. Бирок бул буйрук абактарда жана тергөө жайларында жаткан жарандардын юридикалык жардам жана соттук коргоо алуу боюнча конституциялык укугун бузуп жатат. Эгер буга жараша соттук отурумдар дагы токтотула турса, коронавируска байланыштуу кырдаалды эске алуу менен жарандын укугунун бузулушу тууралуу кеп болмок эмес. Учурда сот процесстери жүрүп жатат, бирок жактоочулар алар коргоп жаткан жаран менен жеке жолугуу мүмкүнчүлүгүнөн ажыратылды. Андыктан жактоочуларга өз жакталуучуларына кезигип турууга мүмкүнчүлук берүү тууралуу ЖАМКка кайрылуу жолдодум" , - дейт жактоочу.
Маалым болгондой, 23-апрелде мурдагы өкмөт башчы Сапар Исаков Бишкектеги СИЗО-1ден Петровка айылындагы №8 түзөтүү абагына которулган. Ал Бишкек ЖЭБин жаңылоодогу иш боюнча эки инстанцияда тең күнөөлүү деп табылып, 15 жылга эркинен ажыратылган.