Ош облусунун Ноокат районунда эки унаа сүзүшүп кетти. Кырсыктан 2 адам каза болуп, 6 адам ооруканага жаткырылды. Маалыматты Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы тастыктады.
Маалыматка ылайык, жол кырсыгы 19-июль күнү саат 20:00 чамасында Ноокат-Папан унаа жолунда болгон. Анда 23 жаштагы айдоочу Мерседес Бенц Гелендваген башкарып бара жатып, ВАЗ-2104 үлгүсүндөгү унаа менен сүзүшкөн.
"Кырсыктын кесепетинен ВАЗ-2104 унаасынан 2 адам каза болуп, 3 адам ооруканага жеткирилген. Ал эми Мерседес Бенц Гелендваген унаасынан 3 адам жаракат алган. Учурда бул кырсык боюнча бардык тийиштүү экспертизалар дайындалып, териштирүү иштери башталды", - деп билдирет басма сөз кызматкери.