1-августта Казакстандын Кызыл-Ордо облусундагы жол кырсыгынан каза болгон беш Кыргыз жаранынын сөөгү мекенине алынып келди. Мындай маалыматты Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматынан кабарлашты.
Кырсыктын кесепетинен каза болгон жарандарды мекенине алып келүү Казакстандын укук коргоо органдары жана Байкоңур шаарында жашаган кыргыздардын жардамы менен ишке ашканы жазылган маалыматта.
Кызыл-Ордо облусунда КамАЗ менен Toyota үлгүсүндөгү унаа сүзүшүп, эки Кыргыз жараны каза болгонун казакстандык басылмалар жазып чыгышкан.
Ал эми Кыргыз мамлекетинин Алматы шаарындагы Башкы консулдугу жол кырсыгынан беш Кыргыз жараны каза болгонун маалымдаган. Алар: 1974-жылы туулган А.К., 1978-жылы туулган С.Н., 1983-жылы туулган А.Т., 1991-жылы туурган М.У., 2001-жылы туулган К.А.
Ар түрдүү жаракаттар менен үч Кыргыз жараны ооруканага жаткырылган.