"Замандаш" ассоциациясы өлкөдөн чыгып кетип жаткан жарандардын өмүрүн милдеттүү түрдө 300 сомго камсыздандыруу полисин киргизүү боюнча демилгеге байланыштуу билдирүү жасады. Анда жарандарга дагы бир финансылык оорчулук түшүп жатканы тууралуу айтылат.
Ассоциация Кыргыз эмгек мигранттарынын кызыкчылыктарын коргоо үчүн түзүлүп, 2003-жылдан бери үзгүлтүксүз иш алып барып жатканын белгилейт.
"Биз кыргыздардын өмүрүн милдеттүү түрдө камсыздандыруу демилгесине каршыбыз. Анткени - бул биздин жарандар кокус башка өлкөдө каза болуп калса алардын жакындарына жардам берет деген аргументке ишенич жаратпайт. Биринчиден, жарандарыбызга дагы бир финансылык оорчулуктун түшүп жатканы бизди тынчсыздандырат. Акча таап келүү үчүн кетип жаткан мигранттар – көп учурда материалдык кыйынчылыкты баштан кечирип, өзүнүн жана туугандарынын экономикалык абалын жакшыртууга аракет кылып жаткан адамдар. Ал эми камсыздандыруу полисинин наркы 300 сом болсун деген сунуш эмненин негизинде эсептелип чыкканы түшүнүксүз.
Жакында өкмөт башчысы Мухаммедкалый Абылгазиев миграцияда 750 миң Кыргыз жараны жүргөнүн билдирди. Булардын ар бири аз дегенде жылына бир жолудан чек арадан өтүшөт. Башкача айтканда, ушулардан эле 225 миллион сом жыйнап алса болот. Мындан башка ар кандай себептер менен чек арадан өтүп жаткан кыргыздардын абдан чоң агымы бар. Убактылуу командировкага чыккандарды да эске алышыбыз кажет. Жыйынтыгында булардын баары кошулуп “жүк-200дү” жеткирүүгө зарыл болгон 15 миллион сомдон ашыкча сумма жыйналат. Бул болсо аларды төлөй турган карапайым адамдарды алдоо, каражатты максатсыз жумшоо жана коррупциянын очогу. Бул жөнөкөй адамдарга камкордук көрүү эмес эле, бизнес-схемага окшоп турат.
Экинчиден, эң башкысы – акча төлөсө гана өлкөдөн чыгууга боло турган шартка мажбурлоо – Кыргыз Республикасынын жашоочуларына өлкөдөн эркин чыгып кетүүгө кепилдик берген Кыргыз Республикасынын Конституциясына жана адам укуктарынын Бүткүл дүйнөлүк декларациясына каршы келет", - деп айтылат билдирүүдө.
Ошондой эле мамлекет камсыздандырууну бир гана өз эрки менен жасай тургандай мүмкүнчүлүктү таап, аны ишке киргизүү механизмин ар тараптуу иштеп чыгуу талабы айтылат. Мындан сырткары мигранттардын үй-бүлөлөрү жоготууга кабылган учурда аларга мамлекеттик жардам берүүнүн ыкчам жана жөнөкөй жолуна өтүүнү, мигранттарга компенсация төлөп берүүнүн суммасын көбөйтүүнү сунушташкан.