Сагынбаев: "Экс-президентти кол тийбестигинен ажыратуу референдум аркылуу чечилгени туура"

Коопсуздук кеңештин катчысы Дамирбек Сагынбаев 31-майда өткөргөн маалымат жыйынында экс-президентти кол тийбестигинен ажыратуу демилгеси боюнча өз пикирин билдирди. Катчынын айтымында, бул маселе жалпы эл тарабынан чечилүүсү туура.

"Экс-президентти кол тийбестигинен ажыратуу маселеси кошумча иштеп чыгууга муктаж. Демилгени эл менен талкуулаш керек. Чечимди Жогорку Кеңештин 120 депутаты же президент эле кабыл алып койбой, балким, референдум өткөрүү керек", - деди Сагынбаев.

Экс-президентти кол тийбестик макамынан ажыратуу боюнча демилге Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Исхак Масалиев тарабынан көтөрүлгөн. Депутат ЖЭБди жаңылоодогу шектүү жагдайлар адилеттүү иликтениши үчүн экс-президент Алмазбек Атамбаевди кол тийбестигинен ажыратууну сунуштаган. Бул багытта мыйзам долбоору иштелип чыгып, коомдук талкууга коюлганы 30-майда белгилүү болду.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан