Ырчы Кыздаркан Келдибекова турмуш жолуна аттанды. Ак жоолук салынган ырчы жолдошу менен 4 жылдан ашык убакыт кыз-жигит болуп жүргөнүн айтып, буларга токтолду:
“Жакшылыктын эрте-кечи жок дегендей, чыгармачылык менен алектенип жүрүп 32 жашымда турмуш курдум. Жолдошум Эсен менен Ош шаарынан жолдо бара жатып таанышып калганбыз. Эсен мамлекеттик кызматта иштейт. Үй-бүлөдө 4 бир туугандын кичүүсү. Адатта кичүүсү ата-энени карап калат эмеспи. Бирок жолдошумдун жумушуна байланыштуу Бишкекте турабыз. Эсен чыгармачылыгымды баалап, түшүнүү менен мамиле жасайт”, - дейт ырчы.
Кыздаркан Келдибекова 1986-жылы 4-ноябрда Өзгөн районуна караштуу Жылалды айылында төрөлгөн. Орто мектепти аяктагандан кийин Ош мамлекеттик университетинин искусство факультетинде окуган. Ырчы "Ак тилек", "Телефон чалып тур", "Ойлодуң бекен?", "Сүйүү жазы" жана башка ырлары менен таанымал.