10-февраль күнү депутат Камчыбек Жолдошбаевдин милицияда иштеген күйөө баласы Айбек Сыдыков мас абалда Lexus үлгүсүндөгү унаасы менен эки унааны сүзүп кетти деген маалымат чыккан. ИИМдиин басма сөз кызматынын маалыматына ылайык, Айбек Сыдыков жогорудагы окуядан тышкары 3 ай мурун эле 3 жылдык сыноо мөөнөтү менен шарттуу кесилген.
Бүгүн Жогорку Кеңештин комитеттик жыйынына келген депутат Камчыбек Жолдошбаев мас абалда жол кырсыгына кабылган күйөө баласы тууралуу комментарий берүүдөн баш тартты. Ал бул окуя боюнча кат менен кайрылууну сунуштады.